www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн пандемия учурундагы ишмердигин иликтеген комиссиянын иш мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу вице-премьер министр Элвира Сурабалдиева Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, мекеме аралык комиссиянын иши айрым мамлекеттик органдардан маалымат кагазын алуу кечиккенине байланыштуу узартылган. Комиссиянын баштапкы корутундусу 14-январда угулганын, бирок азырынча корутундулар жана сунуштар жарыяланбайт.

«Алдын ала айтып коеюн, коронавирус менен ооруган адамдардын жана андан көз жумгандардын саны тууралуу комиссиянын корутундусундагы маалыматтар менен штаб берген маалыматтын айырмасы бир нече миң. Пандемиянын биринчи толкунунда айрым аткаминерлер документтерди создуктурганы үчүн ооруну дарылоодо жана дары менен камсыз кылууда баш-аламандык болгон. Ич ара сүйлөшүп алып, айрым адамдар пандемиядан бизнес кылышкан», - дейт Сурабалдиева.

Вице-премьер министрдин маалыматына караганда комиссия ишинин корутундусу боюнча бир дагы катардагы медициналык кызматкер жооп бербейт.

«Дарыгерлер адам өмүрүн сактап калууга аракеттенип чуркап жүрүшкөндө, айрым жетекчилер ден соолугуна байланыштуу узак мөөнөттүү өргүүгө чыгып кетишкен. Кээ бир бейтапканалардын башкы врачтары “кызыл аймакка” кадам таштаган эмес. Гуманитардык жардам уурдалган.
Пандемия учурундагы гуманитардык жардам жана башка каражаттардын сарпталышын иликтеген мекеме аралык комиссия көйгөйлөрдү ачып эле тим болбой, аларды чечүүгө сунуштарды да берет», - деп жазган ал.

Эске салсак, Финполиция 2020-жылдын октябрында коронавирус пандемиясы учурундагы гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшү боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул иштин алкагында мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кармалган.

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да күбө катары суралып, ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынган. 12-январда бул иштин алкагында экс-премьер-министр Кубатбек Боронов да сурак берип чыккан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости