www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия берген 20 млн. доллар кайда?

Орусиянын грант түрүндө берген 20 миллион доллары иштетиле элек, учурда Улуттук банктын эсебинде турат. Бул тууралуу финансы министри Кыялбек Мукашев Sputnik Кыргызстанда өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, каражат 2020-жылдын аягында өлкөгө келип түшкөн.

«Биз 25-декабрга чейин өзүбүздүн ички булактар менен тышкы карыз, пенсия, пособие, маяна сыяктуу чыгашаларды жаап бүткөнбүз. Орусия тарабынан 20 миллион доллар 30-31-декабрда келип түшкөн. Ал учурда доллар боюнча Улуттук банктын эсебинде жатат. Мыйзамга ылайык, колдонулбай калган каражат кийинки жылга калдык болуп өтөт. Каражатты ушул жылы бюджеттин чыгашаларына колдонобуз», — деди министр.

Эскерте кетсек, Орусия Кыргызстанга кайтарымсыз 20 миллион доллар берген. Каражат бюджет дефицитин жабууга пайдаланылмакчы, анын ичине пенсия, жөлөк пул жана саламаттык сактоо тармагы кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости