www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Далы менен кыргызча төлгө тарткан, белгилүү төлгөчү Кайып Шер менен маек.

-Акаев Кыргызстанга кайтып келет экен деген сөз элди аралап жүрөт. Сен далы менен төлгө тартып калчу элең Аскар Акаев Кыргызстанга качан келет экен?

-Аскар Акаев Кыргызстанга кайтып келбейт. Кокустан ажал жетип көз жума турган болсо, сөөгү ошол жерде уулу Айдар Акаевдин жанына коюлат. Азыркы учурда Акаевдин алдында опурталдуу чоң кырсык күтүп турат. Эмне кырсык экенин учуру келгенде көрөрсүңөр. Акаевдин айынан жетим-жесир калгандардын көз жашы аны тим жаткызбайт. Канчалаган адамдар жакырчылыктын сазына тыгылышты. Күнүгө үч маал кудайга жалынып, элин ойлоп турбаса анын башына келе турган кырсыктардан кол үзүлбөйт.

-Жакырчылыктын жышааны катары элге таанылган Аскар Акаев он беш жылда теңчиликте жашап жаткан элди бай-кедейге бөлүп, советтик алыпсатарлар бизнесмендерге айланып, бийлик орундарын акчага сатып ала баштады. Балким ал илимде жүрсө дүйнөлүк атак алмактыр, бирок бийлик башында туруп «элдик тепкиге» калды. Акаев баштаган жыртыкты бүтөсө болобу же чоңоюп кете береби?

-Акаевге эркиндик, демократия бардыгы колуна берилген. Ал өз жакындарын гана алтынга бөлөп, элди «тегирменге» салып берди. Осмонакун Ибраимов сыяктуулар маалыматтан мактап, жактап атышканы менен анын жубайы, уулу Айдар, күйөө баласы Тойгонбаев «кылгылыкты кылышып» кыргыз элин кебез менен мууздашып жакырчылыкка айдап барышты. Эгер СССРден бөлүнүп чыккан Латвия, Литва, Эстония сыяктуу же Грузия, Молдовадай туура жолго түшкөндө өнүгүү жолуна түшмөкпүз. Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстанга алла-таллам чийки заттарды берип коюптур.

-Менчиктештирүү мезгилинде бир-аз башы иштеген башка тилдүүлөр өз мекенине сиңип жок болушту. Калктын көпчүлүгү акчага көз каранды абалга өттү. Дагы жакшы Бекболот Талгарбековдой реформаторлор ичип-жегич көпөстөр менен талашып, элет элинин колуна колхоз-совхоздордун жерин, мүлкүн, шаймандарын бөлүп беришти. Болбосо бул буржуйлар колхоз-совхоздорду ит талагандай бөлүп алышып, өз киши леринен кожоюн коюшуп, элди кулга айлантууга эки көзү төрт болуп турган.

-Кээ бир адамдардын кылган эмгектери убакыт өтүп билинет. Бул айыл чарба реформасын деле жактырбаган адамдар көп болгон. Бир кой бир бөтөлкө аракка кетип, элдин жакырланышына өбөлгө болгон.

-Башкысы элдин колуна айыл чарба мүлктөрүн салып берди. Же эмне Талгарбеков ар бир үйгө кирип, жашоо шартын үйрөтүш керек беле? Казакстан биздин реформаны туураганы менен чечим чыгарып берүүнү акимдердин колуна берген. Акимдер каалаган жакындарына гана жер үлүштөрүн берген. Өзбекстанда реформага эми өтүп жатат, бирок жердин көбүн эбак паракорлор ээлеп алган.

-Бул реформа аягына чыккан жок да, аягына чыкса көрөт элек. 

-СССР убагында бекерчилик, арзан товарлар дотация аркылуу келип турчу. Азыр бутунан турган дыйкандар бутунан туруп алышты, ошолор элди багып жатышкандай. Акаев болсо элди туңгуюкка салып «жылт» койду.

-Былтыр ушул маалда Акаев тун уулу Айдардан ажыраган. Андан кийин баңги зат кулчулугунан бошоно албай Айдардын экскайниси Айсултан Назарбаев кетти. Ошол мезгилде Чилтендин уулу Кубан Акаев да жарыкчылык менен кош айтышты. Аскар Акаевге кыргыз элинин каргышы өтүп жаткандай.

Маектешкен: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости