www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын белгилүү журналисти Александр Невзоров Садыр Жапаров Орусиянын эмес Кыргызстандын президенти болуп калганы үчүн өкүнүчүн айтты.
Александр Невзоровдун YouTube каналындагы популярдуу “Невзоровские среды” аттуу передачасында бул апта ичинде 10-январда болуп өткөн президенттик шайлоонун жеңүүчүсү Садыр Жапаров тууралуу да кеп кылды. Анын айтымына караганда, Садыр Жапаров Кыргызстанга эмес, Орусияга башчы болуусу керек эле.
“Кыргыздарга ичим күйүп атат. Дүйнөдөгү бир да өлкө Жапаров аттуу фамилиясы бар башчыдан эч качан баш тартпас эле. Каалаган өлкөдө калкка керектүү адам болмок чындыгында.
Байкап көрсөк, Трамп деле бираз Жапаров, бираз Лукашенко экен да. Мындайча айтканда “Жапашенко” экен. Ал өзүндө ушул эки тайманбас мамлекеттик ишмерлердин касиеттерин камтыган адам катары бааласак болот”, - деген ал өз сөзүндө.
Албетте, айтылган сөздөрү кулакка жагымдуу угулганы менен, бул сөздөрдү какшыктап айттыбы же чындап айттыбы түшүнүксүз. Анткени, баарыбызга белгилүү болгондой эле Трамп дагы, Лукашенко дагы бийлик үчүн жанын бере турчу, адекваттуулугу “токойду аралап” кеткен адам катары кабыл алынышат. Анан эле, Орусиянын белгилүү жана күчтүү журналисти жаңы келген Жапаровду аларга үлгү катары көрсөтүшү эмнени түшүндүрөт белгисиз. Деги эле, мындай сөздөрү менен эмне дегиси келгени түшүнүксүз...
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg