www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садык Шер-Нияз 2021-жылдын 10-январь күнү мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик так талашка аттанганы эсибизде. Ооба, улуттук баалуулуктарды көтөрүү менен кыргыз элине таанылган Шер-Нияз мырзаны колдоого алгандар арбын болгон. Анан эле орто жолдон ойт берди. «Жолборс жолунан кайтпайт» дегендей Садык мырзаны беттегенин бербеген «көк жал» деп билчү элем.

Жарыштан чыга качканын түшүнбөй калдым. Себеби, ажолук аламан жарышта утулса дагы «даканса» барат деп ишенип жургөм. Дегеним, ошол аламан жарыштын алдында тагыраагы 17-ноябрь күнү Садык мырзага жолукканда, «Саке, аламанга аттандыңыз, аягына чейин барасызбы?..», - деген суроомо: «Утулсам да аягына чейин барам», -деп так кесе жооп берген. Ал жерде Равшан Бабырбекович дагы бар болчу. Равшан мырзага да так ошол соболду узатканымда аягына чейин бараарын айткан. Ал киши марага чейин талапкер катары келди.

Эми кимиси талапкер катары аягына чейин барат же орто жолдон ойт берет өз иши деңизчи, бирок, талапкерлигин алып жатканда Шер-Нияз мырза талапкер Садыр Жапаровдун кызыкчылыгы үчүн талапкер болуудан баш тарттым деп жар салбады беле! А эмнеге бүгүн Садыр Жапаров тууралуу колдоого алган жылуу пикирин коомчулукка билдирнп койгонго жарабай турат Сакебиз?!

Же эмне эл көзүнө көрүнуп коюш үчүн эле талапкер болуу негизги максаты беле? Балким, ажолукка талапкер болуу менен жөн гана «хайп» жасаганбы? Марага аз гана убакыт калды, мына ушул аралыкта Садык мырза колдоого алган талапкери тууралуу оюн ортого салып, аны колдогон адам катары өз пикирин айтып койсо жарашмак. Ага караганда Турсунбай Бакир уулу алынын жетишинче Садыр Нургожоевичти сүрөөнгө алып жаткан кези!

Булак: De-Факто гезити

Последние новости