www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Сейидбек Атамбаев Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбековдон Кемпир-Абад окуясы боюнча камалган саясатчылар менен активисттерди бошотуу өтүнүчүнө көңүл бурууну суранды.
Атамбаев Жогорку Кеңештин 8-февралдагы жыйынында депутат Перизат Суранова ооруканага жаткыруу зарылдыгы тууралуу парламентке, акыйкатчы Атыр Абдрахматова менен юстиция министри Аяз Баетовго кат жазганын айтты.
"Ал мындай деп жазып жатат: "Мен камалган алгачкы күндөрдөн баштап эле атайын дисциплинардык чара жана өзүмө карата ырайымсыз мамилеге кабылдым. Үч айдан ашык абакта, ден соолугум күн сайын начарлап бараткандыктан, өз убагында кароого, ооруканага жаткырууга жана хирургиялык кийлигишүүгө жетише албай келем, операцияга муктажмын, анткени патологиялык процесстер өмүргө коркунуч туудурган мүнөзгө ээ боло баштады".
Анын айтымында, ыйгарым укуктуу органдар ооруканага жаткырууну атайылап создуктуруп жатышат. Ал эми башкалар ыңгайлуу шарты бар ооруканага которулуп жатат. Ушул маслеге көңүл буруп койсоңуз", - деди Атамбаев.
Базарбеков көңүл бурам деп жооп берди.
Булак: NazarNews.kg