www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбук социалдык тармагынын “Трибуна” расмий баракчасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тууралуу билдирүү жазып чыкты.

“Кыязы, ушундай болгону калды окшойт. Өз колу менен жасаган кылмыштуу иштеринен жазасыз кутулуп кетүү үчүн Атамбаев ар кандай акылга сыйбаган, мыйзамга каршы келген кадамдарга барала турганын далилдеди.

Эми болгону өзүнүн “жинди” экенин ырастаган справкасын гана ачыкка чыгарышы калды. Ал өткөн жылдын 7-8-август күндөрү болуп өткөн Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагындагы соттук отурумдарга катышуудан кайра баш тартканын адвокаты Сергей Слесарев маалымат каражаттарынын бирине билдирди. Анан дагы ал “Атамбаев муну менен тартипти бузган жок, себеби бул анын укугу, ал тиешелүү арызды жазды” дейт.
Ошондо Атамбаев үчүн мыйзам ал каалагандай иштеши керекпи? Кааласа соттук отурумга катышам деп, каалабаса катышпайм дей бергенге болобу? Эмнеге ал өзү бийликте турган кезинде “мыйзам алдында баары бирдей, керек болсо мен да жооп берем” деген сөзүнө жигитче тура албай жатат? Анын ордуна “корко миң өлөт” болуп, адвокаттары аркылуу “кан басымым түшүп кетти, кайра көтөрүлүп кетти, мага толук медициналык дарылоо керек” деп эле догурунуп жатат. Ушинтип элге шылдың болуп, болгон кадыр-баркын төгүп салган соң биротоло “жинди” деген деле справкасын ачыкка чыгарып койбойбу”,-деп жазылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, кечээ, 22-апрелде Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум болмок. Бирок, Атамбаевдин ден соолугу начарлап кеткенине байланыштуу 27-апрелге жылдырылды деп анын жактоочусу Сергей Слесарев айткан. УКМК болсо, Атамбаевдин абалы канаатандырарлык деп, Атамбаев отурумга катышуудан өзү баш тартканын билдирген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости