www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Чувактар баалуулук эмне экенин билишет болду бекен?». Бул тууралуу пикирин журналист Элнура Кулуева өзүнүн социалдык тармагынан кечээтен бери талкуу кылып, улуттун уңгусун аздектеген ой-пикирин жазууда. Ага кошумча Кыргыз Эл Баатыры Сүйүнбай Эралиевдин кыскача маегин эске салды.

"1961-жылы Исхак Раззаковичке жалаа жабылып, кызматынан бошогондо, кабинетин өткөрүп берип, Москвага кетээр алдында акыркы ирет тоо аралап келүү үчүн жанына эч кимди кошпой шоферу менен жөнөп калат. Байтиктин Бас-Бөлтөгүнө келгенде шоферду машинасы менен калтырып коюп өзү тоого чыгып кетет. Арадан бир саатча убакыт өткөндөн кийин чыдамы түгөнгөн шофер артынан издеп барып, адамды айран-таң кылган көрүнүшкө күбө болот.

Өз жеринен алыска күч менен жөнөп жаткан жетекчи жаш балача жерди кучактап алып ыйлап атыптыр:

"Оо менин тууган жерим, сен билесиң го менин кандай төрөлүп, аргасыз сенден алыска, бөтөн жерге кеткенимди, кайра кантип сага айланып келгенимди сен билесиң. Сени ыраазы кылуу үчүн, мага берген мээримиңди актоо үчүн болгон аракетимди жасагандай болдум. Эгер андай кыла албасам, анда мени кечир, тууган жерим. Эми сени айланып көрөөр бекем? Болсо качан?!" – деп жазган Кыргыз Эл Баатыры
Сүйүнбай Эралиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости