www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Ухань шаарындагы ооруканалардын биринде, коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылап жаткан эки дарыгер вирус жуктуруп, дарылануу учурунда экөөнүн тең терисинин өңү өзгөрүп, карарып кеткен. Бул тууралуу “Daily Mail” басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, экөө тең 42 жашта болгон. Алар Ю Фан жана Ху Вейфенг аттуу дарыгерлер январь айында Ухандагы ооруканада бейтаптарды дарылап жатканда өздөрү вирус жуктуруп, абалдары өтө оор болгон.

Жергиликтүү дарыгер Ли Шушенгдин айтымында, эки бейтаптын териси дарылоонун башталышында алган дары-дармектердин натыйжасында карарып кеткенин айткан.

“Экөөнүн тең терисинин өңү убакыттын өтүшү менен калыбына келет деп үмүттөнөм”, - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости