www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев "Форумду" эмне үчүн сатты?

Юстиция министрлигинин маалыматтарына таянсак, Атамбаевге тиешелүү айтылуу "Форум" илимий-өндүрүштүк фирмасы" ЖЧКсы анын өнөктөшү Пархати Субихиге сатылган.

Канча суммага сатылганы белгисиз, бирок Пархати мындан ары "Форумга" толук ээлик кылаары маалым. Кайра каттоо ушул жылдын 18-апрелинде ишке ашырылган.

Ал эми фирма сатылганы менен анын 7-апрель, 4б (мурунку Шабдан Баатыр, 4б) дарегиндеги көп кабаттуу имараттары А.Атамбаевдин өзүндө калгандай.

Анткени, жаңы кожоюн "Форумду" жаңы дарекке - Чүй проспектидеги 113 имаратка жайгаштырган. Жетекчилиги да алмашып, Сеидбек Атамбаев директорлукту Ишкинина Салия Эсеновна аттуу жаранга өткөрүп берген. Пархати былтыр октябрда Атамбаевге тең ата өнөктөш катары "Форумдун" түзүүчүлүк курамына кирген болчу. Демек, "Форум" мындан ары Атамбаевдики эмес жана Шабдан Баатыр-4б дерегиндеги анын заңгыраган имараттары жаңы ысымга ээ болушу мүмкүн. Ал жерде Атамбаевге тиешелүү башка фирмалары жана телеканалардары орун алган.

Бул жерде Пархати Субихи тууралуу кыскараак айта кетпесек болбойт. 26 жаштагы карабалталык бул жигит былтыр октябрда А.Атамбаевге расмий түрдө өнөктөшболуп, "Форумдун" тең укуктуу түзүүчүсү катары катталган. Андан тышкары, ал "Хуасинь" инвестициялык компаниясынын ээси катары Терек-Сайдагы сурьма кенин иштетүүдө жана күмөндүү жагдайлардын ачыкталып калганынан улам токтотулууга мажбур болгон "Акылдуу шаар" долбооруна катыштыгы бардыгы да айтылган.

Экс-үлкөндөрдүн мындай алмай-бермей, кайра каттамай сыяктуу кубулма жүрүштөрү тууралуу кененирээк материалды кийинчерээк чыгарабыз.

http://register.minjust.gov.kg/register/Public.seam?publicId=4531

Булак: NazarNews.kg

Последние новости