www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Качкын депутат Шадиевдин фирмаларын башка бирөөлөргө каттатып жатканы тууралуу буга чейин расмий органдар кабарлап келишти эле. Анын чындыгы бар. Америкага качаар алдында көптөгөн фирмаларын өнөктөштөрүнө "сатып", кайра каттатып кеткени маалым.

Бирок, Ысык-Көлдөгү эң кымбат, элиталуу коттедждер шаарчасына ээлик кылган "Карвен четыре сезона" ЖЧКсы Шадиевдин колунда эле турат. Болгону оң колдон сол колго өттү. Тагыраагы, аялы Шадиева Асель түзүүчүлүктөн чыгып, анын ордуна кызы Шадиева Саадат кирген. Бул операция Шадиев качаарда ишке ашып, 11-апрелде катталган.

http://register.minjust.gov.kg/register/Public.seam?publicId=21216

Топ бузган "араң жан" үкүдөй болгон Аскар Шадиев жоруктары жолдо калсын. Мынчалык бай экен Тажикстандын дарыясын кечип качпай эле, "мынча карызды мен төлөймүн, мына" деп, жашылбайларды мамлекеттик казынага төлөп салса, айкөл кыргыз кечирип эле коймок. Эми тапканын ит жеп, далысын бит жеп, карыган аталарыбыз айткандай "Амрикада" МакДональдс жеп жүрө берсин.

Баса, качкын депутат Аскар Шадиев өзүнүн жардамчысы, бир күндүк тажрыйбасы жок КВНщик Арлан Осмонжановду чакан ГЭСтин генералдык директору кылган. Бул тууралуу жакында кеңири маалымат билдиребиз. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости