www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Таластагы «Манас Ордо» улуттук комплексинин жетекчисинин орун басары Марат Раишов кол алдындагы кызматкери Даир Сыдыковдун мурдун сындырып, көзүнүн алдын айрый койгондугу маалым болду.
Окуянын жүрүшүн Даир Сыдыков маалымат каражаттары аркылуу ачыктап, милицияга арыз жазылганы узун элдин учуна дейре жайылып кетти. Ал эми береги чоң муштум Марат Раишов азырынча Даир Сыдыковго кол көтөрбөгөнүн айтып актанууда.
Мындай жагымсыз окуя боюнча «Манас Ордо» улуттук комплексинин жетекчиси Ормош Чоюнбаев азырынча үн ката элек. Же ал дагы Таластын күйөө баласы Султан Жумагуловго таянып жаткандагысыбы?
Ыйык жайдын жетекчилигинде отуруп алып ушундай жагымсыз иштерге жол бергендерге жаза каралбайбы? Облустун губернатору Марат Мураталиев бул боюнча үн катпайбы? Окуя ушунчага жетип, коомчулуктун назарына алынган сон, эми береги жетекчилер өздөрү эле кызматтарын тапшырып кетип калышса болбойбу? Мындай көрүнүш боюнча облустук бийлик үн ката албаса, анда борбордук бийлик бирдеме дебейби?
Ийгилик БОЛСУНБАЕВ
Булак: “Азия Ньюс”