www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алмазбек Атамбаев 2011-жылы декабрь айында президенттик ишке киришип, бир айдан кийин жалпы республика боюнча масштабдуу соттук реформа башталарын жар салган. Дароо сот системасын реформалоо комиссиясын түзүп, аны ишке ашырууга АКШ, ЮСАИД жана IDLO эларалык укукту өнүктүрүү уюму дилгирлигин билдирген. Атамбаев:
«Жыл аягына чейин соттук системаны координалдуу реформалашыбыз керек. Адилеттүү сот система түзмөйүн чыныгы демократиялуу мамлекетти түптөй албайбыз» деген. Жылдар зымырап куштай учту, реформа жүргөн жок. 2014-жылы Атамбаев:
«Эгер биз адилеттүү сотторду кааласак Конституцияга өзгөртүү киргизишибиз керек» деген демилге көтөрүп, 2016-жылы 11-декабрда референдум менен өзгөрттү. Кызматтан кетеринде реформа ишке ашканын жар салды. Кызыгы, эми сотко барбай, чакырууларга келбей жатат. «Соттор жогор жакка көз каранды» дейт. Чамасы, Атамбаев президент болуп шайланганда:
«Эгер коррупционер болсо президент да түрмөдө отуруш керек» деген сөзүн унуткан окшойт, деп коомчулукка пикирин жарыялаган "Де - Факто" гезити.
Булак: NazarNews.kg