www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биринчи май райондук соту 5-июлда мурдагы Ички Иштер министри Молдомуса Конгантиевди кылмыш иштин курамында кылмыш аныкталган жок деп актаган чечимин чыгаргандан кийин коомчулук ар кандай пикирин айтты.
Мамлекеттик айыптоочу Конгантиевди камап 100 миң сом айыпка жыгууну суранган. Ага утурлай апрелдеги мамлекеттик төңкөрүш жасаган катышуучулар “Айкөл-Ала-Тоо” жана “Айкөл Таза коом” уюмунунун жыйырмадай мүчөсү Биринчи май райондук сотунун алдында чогулуп митинг кылышты. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак бул митингдин башында кадимки эле апчебиз Роза Отунбаева турганын аттуу-баштуу эле инсандар айтты.
Кызык, Отунбаев жана УӨ баштаган топ Ош окуясына качан жооп берет болду экен, апрель окуясында 80ден ашуун эр азаматтарыбыз каза тапса, Ош окуясында 450дөн ашуун жарандарыбыз мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Ошондо Отунбаева баштаган топ качан камалат “юююю-ууу” Ак үй!
Булак: NazarNews.kg