www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Жээнбековдун Украинадагы элчи акеси Жусуп Шарипов, бир тууганы Сооронбай Жээнбековдун акыркы кадамдарына баш чайкап, өкүнүч менен кабыл алыптыр.
Бир келген шансты колдон чыгарбай, тарыхта жакшы ат менен калалы деген изги тилеги орундалбай, өлкөдөгү саясий абалдын чыңалып, эл экиге бөлүнүп турганына абдан капа дешет. Башкаларына салыштырмалуу, үй - бүлөдө акыл калчап иш кылган, мыктысы ушул дешет.
Бирок азыр анын акылына эки бир тууганы Асылбек менен Сооронбай мырзалар муктаж болбой жатпайбы. Жусуп мырза өзү буга чейин Ысык - Көлдө иштеп кеткен эле. Көлдүктөр анын артынан жакшы сөздөр менен кеп кылышат.
Тилекке каршы, мындан аркы келечек бүдөмүк болуп турат. Кандай болгон күндө да, элди эки жаат кылып бөлүп албай, акыл калчап иш кылуу керек. Мамлекеттин бүтүндүгү Жээнбековдордон көз каранды экенин унутпаш керек. Жеке кызыкчылык, өч алуу жакшылыкка алып барбайт, деп "Ачык саясат" гезити өз пикирин айткан.
Булак: NazarNews.kg