www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет башчы кыргызстандыктардын айдоочулук күбөлүгү боюнча маселени Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушууда козгогон. Натыйжада орус өкмөт башчысы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн айдоочулук күбөлүктөрүнүн Орусияда таанылышы боюнча тапшырма бергенин президент Алмазбек Атамбаев 21-июнда Москвада мигранттар менен жолугушууда билдирди:

- Мен бүгүн бул суроону Дмитрий Анатольевичке бердим. Беларустарга бул маселени чечип берип, бизге эмнеге чечилбей жатышканын сурадым. Ал ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн айдоочулук күбөлүгү Орусиянын аймагында жарактуу болушу тууралуу тиешелүү тараптарга тапшырма берди.

Кыргызстандык мигранттар жолугушууда мамлекет башчыга 1-июндан тарта Орусияда кыргызстандык айдоочулардын күбөлүгү жараксыз болуп жатканын, бул жүздөгөн мигранттарды жана алардын үй-бүлөсүн нанынан ажыратып жатканын айтып, маселе көтөрүшкөн.

Орусияда коомдук транспортто, такси кызматтарында жана жеке ишканаларда чет өлкөлүк айдоочулук күбөлүк менен иштөөгө 1-июндан тарта тыюу салынган. 

Булак: "azattyk.org"

Последние новости