www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Максим Бакиевди Кыргызстанга чакыртып алуу боюнча бир топ сот процесстери болуп, өлкө аймагындагы финансылык жана адам өлүмүнө байланыштуу сот процесстеринде сот бир тараптуу чечим кабыл алып күнөөнү Максим Бакиевге оодара салып кээ бир эпизодтор боюнча сыртынан өмүр боюу абакка кесилген.
Дээрлик Европа өлкөлөрүндө сот процесстерине катышпаган мамлекетибиз Максим Бакиев башпаанек сураган Улуу Британия өлкөсүндүгө сотторго кайрылган. Британ бизнесменинин өлүмүнө күнөөлүү деп тапкан жергилүктүү Биринчи Майрай сотунун чечиминин негизинде караган Британ соту, “далилдер жетишсиз”, деп Максим Бакиевди толук актап чыкканы жалпыбызга маалым. Биздин калпты каратып туруп айткан өкмөт өкүлдөрүбүз, “финансылык көз боёмочулук” деген берене менен кайрадан Максим Бакиев жана Валерий Белоконди Британ сотуна олчойгон сумманы өндүрүп бергиле доо арыз менен кайрылат. Эмнегедир өздөрү токуган калпка өздөрү ишенбей кеттиби сот арызды кабыл алган соң орто жолдон айтор арызды чакыртып алды. Европа мамлекеттеринде сот процесстерине юридикалык фирмаларды жалдоо асман чапчыган баа экенин,өз чөнтөгүнөн эмес салык деген сылык айтылган элдин жука жонун тилип топтолгон мамлекеттик бюджеттен коротуп ойт берип артка качкан биздин өкмөттү Максим Бакиев кайчы арыз берип утуп алганы ЖМК аркылуу кабардар болгонбуз.
Калпы чыгып калган өкмөт болсо көгөрүп биз төлөбөйбүз кыязында жооп бербей жатканынан улам Британ судясы Justice Leggat, 16-июнь күнү чечим кабыл алып, мындан ары Өкмөт Максим Бакиевге утулуп калган акчасын пайызы менен төлөп бербесе, Британ мамлекети Кыргызстан тарап берген аркандай арыздарды каралбастыгын расмий эскертип атайын чечим чыгарып берди. Жомогу түгөнбөгөн өкмөттүн улутташтыруу деген элге жагымдуу, бирок өздөрү уурдап каракчылык жол менен тартып алган обьектерин эртели кеч ким алса дагы ашыгы менен кайтарып бере тургандыгын билет бекен аттиң...
Маалымат Аскат Тейиттин баракчасынан алынды
Аскат Тейит, Москва шаары
Булак: NazarNews.kg