www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-президент, Кыргызстан социал-демократиялык партиянын (КСДП) төрагасы Алмазбек Атамбаев менен жолугушууга Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын 19 депутаты катышты. Бул тууралуу фракциянын мүчөсү Рыскелди Момбеков “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, жыйында Алмазбек Атамбаевдин акыркы Кытайдагы сапары, коомдук саясий абал боюнча талкуу өттү. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.
- Атамбаев бүгүн коомдук-саясий абал боюнча өзүнүн пикирин айтты. Биз дагы коомдо болуп жаткан окуялар боюнча ачуу чындыкты айттык. Ошондой эле жыйында экс-президент башкы прокурор Индира Жолдубаеванын кызматтан алынышы тууралуу да айтты. "Жогорку Кеңешке барса болмок же барбаса да арызын жазып берсе болмок" деген пикирин билдирди. Ошондой эле учурдагы президенттин кадр саясаты боюнча капачылыктары бар экенин айтты. "Биз деле учурунда сиз даярдаган кадрларга капа болуп келгенбиз" деп пикирибизди ортого салдык. Негизинен жолугушууда ачык баарлашуу болду, -деди Момбеков.
Экс-президент менен жолугушуу боюнча КСДП партиясынын катчылыгы да кабарлады. Анда партиянын 2020-жылга парламенттик шайлоого даярдыгы талкууланганын кабарлады.
Булак: NazarNews.kg