www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент А. Атамбаев көрсө “кой терисин жамынган карышкыр” эле болгон тура. “Алтындарым, силер койсуңар” деп эле элди башынан сыламыш этип коюп, элдин ырыскысын өзүнүн “бөлтүрүктөрү” менен биргелешип мойсоп, анан “бизден эчтеке таба албайсыңар, биз миллионербиз” деп мактана берчү турбайбы.

Ал өзүнүн тээ 2010-жылы Бакиевдер өлкөдөн чыгып кеткенден кийин ар кайсыл жерлерде митинг, пикеттер өтүп, кандайдыр бир ызы-чуулар орун алса эле “Мына, Бакиевдер муну уюштуруп атат, Убактылуу өкмөттү кууп чыкканы калды”, ого беш бетер ызы-чуу салып эле жатып калчу. Анын маалыматчылары ошол замат Атамбаевдин мындай сөздөрүнө кооз боекторду сүртүшүп, көркөмдөшүп, анан маалымат айдыңына айдап жиберишчү.

Көрсө, мунун баарын АША өзү эле уюштуруп, анан “Дагы эмне болуп кетер экен?” деп элеңдеп коркуп калышкан Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн жүрөгүнүн үшүн алып, өзүнүн гана айланасына топтоону максат кылчу экен. Кийин президенттик тактыга отургандан кийин деле кайсыл жерде кандай митинг, же ызы-чуу болбосун “Бакиевдер реванш алганы атат” деп кыйкырып чыкчу. Таптакыр Бакиевдерге тиешеси жок иштерди деле аларга шылтай салчу. Көрсө, бул анын өзүнүн кадыр-баркын көтөрүү үчүн жасалган “методу” экен. Ошол ызы-чуулардын баарын өзү уюштуруп, анан кайра анын баарын Бакиевдерге шылтачу тура.

Ошол адатын АША азыр да карматып атканы байкалып калды. Эски “метод” ар дайым көзгө даана көрүнүп калат. Мисалы, 31-мартта КСДП партиясынын курултайы өтүп, анда А. Атамбаев кайрадан партия төрагасы болуп шайланды. Анан курултайдан кийин маалымат жыйынын өткөрүп, учурдагы мамлекет башчысынын дарегине азыноолак сын айтып өттү. Ошондон көп узабай эле борбор калаабызда маршруттук таксилердин айдоочуларынын иш таштоосу уюштурулду. Оор жүк ташыган айдоочулардын митинги өттү. Ош базарында кыска убакытта үч ирет өрт кырсыгы катталды. Анын үчүнчүсүндө ӨКМ бул өрт кырсыгы атайылап жасалган болушу мүмкүн экендигин билдирди.

Ошол адатын АША азыр да карматып атканы байкалып калды. Эски “метод” ар дайым көзгө даана көрүнүп калат. Мисалы, 31-мартта КСДП партиясынын курултайы өтүп, анда А. Атамбаев кайрадан партия төрагасы болуп шайланды. Анан курултайдан кийин маалымат жыйынын өткөрүп, учурдагы мамлекет башчысынын дарегине азыноолак сын айтып өттү. Ошондон көп узабай эле борбор калаабызда маршруттук таксилердин айдоочуларынын иш таштоосу уюштурулду. Оор жүк ташыган айдоочулардын митинги өттү. Ош базарында кыска убакытта үч ирет өрт кырсыгы катталды. Анын үчүнчүсүндө ӨКМ бул өрт кырсыгы атайылап жасалган болушу мүмкүн экендигин билдирди.

Мына ушунун баары Атамбаевдин “почеркине” эле окшошуп турат. Ошол Ош базарындагы акыркы болгон өрттөн жапа чеккен соодагерлер өкмөт үйүнүн алдына “өрттүн себебин аныктап, компенсация төлөп бергиле” деген талап менен митингге чыгышты. Мына ушунун баары экс-президент А. Атамбаевдин буга чейин жасап келген иштерине окшош болууда. Эптеп элдин бийликке нааразычылыгын туудуруу үчүн ар кайсыл жерге “ширеңке” чагууда.

КР өкмөтүндөгү кадрдык саясаттын туура эмес жүргүзүлүшү да, кыска убакытта эле вице-премьерлердин байпак алмашкандай алмаштырылышы да элдин нааразычылыгын жаратууда. Жаш премьер С. Исаковдун чабалдыгы, эки ирет эл аралык деңгээлде түзүлгөн келишимден кайра баш тартканы, Бишкек ТЭЦиндеги кырсыктан улам былгып чыккан коррупция, айтор ушунун баарын АША өзүнүн эски “методу” менен жапкысы келип турат. Ал үчүн элдин көңүлүн башка жакка буруу үчүн Ош базарындагы өрттөр, маршруттку таксилердин, оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын бунту атайылап уюштурулганы билинип калды.

Эмнеге АША мындай бузуку аракетин жасоодо? Себеби, ал президент Сооронбай Жээнбековду өзү каалагандай башкаргысы келген. Бирок, мамлекет башчысы С. Жээнбеков достук кызыкчылыктан элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коюуда. АШАнын жан-жөкөрлөрүнөн түзүлгөн коррупциялык схемаларды талкалоо аракети жүрүүдө. Ошонун баарына АША бөгөт болуу, бут тосуу аракетин көрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости