www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы Президенттин аппарат башчысы, КСДПнын саясий Кеңешин жетектеген Фарид Ниязов  КСДПдан кетет. Фарид Ниязов партиялык ишмердүүлүктөн кетип, “Апрель” коомдук уюумунун ишин алып барат. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде экс-президент менен жолугушуудан кийин ЖКнын депутаты Рыскелди Момбеков жергиликтүү басылмалардын бирине билдирген. 

Эске сала кетсек, мамлекеттик резиденцияда Атамбаев менен жолугушууга келе турган КСДПчы депутаттардын болжолдуу тизмесин журналист, Дайырбек Орунбеков жарыялаган.

Алар:

1.Карамат Орозова 2.Мурадыл Мадеминов 3.Анвар Артыков 4.Марат Аманкулов 5.Данияр Аттокуров 6.Нодирбек Каримов 7.Ирина Карамушкина 8.Рыскелди Момбеков 9.Жылдыз Мусабекова 10.Айнуру Алтыбаева 11.Гүлкан Молдобекова 12.Чыныбай Турсунбеков 14.Альфия Самигуллина 15.Кожобек Рыспаев 16.Мухтарбек Айнакулов 17.Иса Өмүркулов 18.Бакыт Жетигенов 19.Элвира Сурабалдиева 20.Евгения Строкова

Албетте бул тизмедеги депутаттардын жарымынын кадыр-баркы канчалык, артынан кандай кептер ээрчигенин билебиз. Айрымдарын таануу да кыйын. КСДП фракциясында жалпы 38 депутат бар. Түнү менен булардын арасынан кайра баш тартканы да болушу мүмкүн.

Иса Өмүркулов кыйлага жооп бербей жатып, акыры «барса баралы, угуп коелу»,-деп кошулуптур. Анын катарын, Р.Момбеков, Ч.Турсунбеков, Э.Сурабалдиева, Р.Кожобеков, А.Алтыбаевалар толуктайт.

Ак жүрөгү менен берилип бара тургандар, Анвар Артыков, Ирина Карамушкина, Жылдыз Мусабекова, Нурадыл Мадеминов, Данияр Аттокуровдор. Көпчүлүгү көңүлдөн өтө албай, аргасыз барганы жатышыптыр. Шылтоо айтып, желкесин кашып, деп жазган журналист. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости