www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Өзү тууралуу өзгөчө баасы бар, ал мактанганда Америка «отдыхает» болуп калган экс-президент А. Атамбаев «1990-жылдары мен «Мерседес» менен жүргөндө, президент Акаев «Вольво» менен жүрчү» деп көкүрөгүн көтөргөнүн укпаган кыргызстандык жок. Алтургай ал өзүнүн «башынан эле бай» экенин Россия президенти В. Путинге да айтып, өпкөсүн көптүрүп алган жайы бар. Кантсе да, Путин тажрыйбалуу саясатчы эмеспи, А. Атамбаевдин ошол убактагы президенттик даражасы үчүн гана анын мындай мактанычтарына сыпайы күлүп коет эле.

Бирок, Атамбаевдин ошол башындагы миллиондору кандай жол менен келгени көпчүлүк үчүн табышмак. Ал эми табышмактын жандырмагы ошол 1990-жылдардын орто чендеринде ЖМК беттеринде жарыяланган. Мисалы, «Комсомольская правда» гезити 1996-жылы эле А. Атамбаев жана КСДП партиясы тууралуу кызыктуу материал жарыялаган. Макаланын темасы ««Буревестник» уходит в пике. Некоторые подробности из жизни социал-демократов» деп аталат. Анда: «Атамбаев Жазуучулар союзунун башчыларынын бири болуп келээри менен эле Жазуучулар союзун экиге бөлүп салды. Ал алдоо жолу менен Адабий фондду Жазуучулар союзунан ажыратып алууга жетишти. Адабий фонддун ал жазган уставы Жазуучулар союзунун бир дагы сьездинде талкууланган эмес. Түз мааниде айтканда Атамбаев «мыйзамдуу уруулук» жасап жазуучулардын менчигин активдүү сатып ала баштады» – деп жазылат анда.

Кече жакында эле, тактап айтсак 31-мартта КСДП партиясынын жасалма курултайынан кийин маалымат жыйынын өткөргөн Атамбаев 1990-жылдары ресторан ачып, ага эң мыкты ашпозчуларды чакырып келип иштеткенин айтып мактанганын уктук. Ал айткан ресторан Москва жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Нооруз» деген ресторан болгон. Бирок бул ресторан убагында Жазуучулар союзуна тиешелүү болгондугун көпчүлүгү биле бербесе керек.

«1992 жылы Адабий фонддун төрагасы Атамбаев тарабынан илимий өндүрүштүк фирма «Форум» түзүлөт. «Форум» Жазуучулар союзуна таандык Москва көчөсүндө жайгашкан «Нооруз» кафе-клубун менчиктештирүүгө катышат. 1992 жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы А.Тагаев №371 токтому менен адабиятчылардын клубу «Ноорузду» акционердик коомго айлантуу чечимин чыгарат. Кызыгы бул жерде 19% акцияга Атамбаевдин «Форуму» ээлик кылса, жазуучулардын адабий фондуна 10% гана тийген. Контролдук 51% акция эмгек жамаатка, ашпозчуларга, тейлөө кызматкерлерине тийет. Кийин контролдук пакетти бул жалган адамдардан Атамбаев сатып алды кылынат да иш бүтөт. Жаңы түзүлгөн «Нооруз» акционердик коомунун негиздөөчүлөрүнүн бири катары 20% акция менен Биринчи Май райондук администрациясы жазылган. Кийинчерээк, район акими Жаныш Рустенбеков кафени менчикке чыгаруу боюнча эч кандай кол койбогондугун айтып, адабиятчылар үчүн райондун акчасына курулган элиталык клубдун мурда кол астында иштеген Атамбаевге сатылгандыгын да билбестигин айткан, – деп жазылат «Комсомольская правда» гезитинде ошол эле макалада.

Баарыбызга белгилүү болгондой Атамбаев өзүнүн алгачкы байлыгын 1990-жылдары Адабий фондду жетектеп турган учурунда тапкан. Ал эми КР президенти болуп турган алты жылдык мөөнөтүндө Кой-Таш айылына баасы асманды чапчыган заңгыраган хан сарай салганга жетишти. Ал эми ошол эле хансарайга жакын Арашан айылында жазуучулардын эс алуу үйү турат. Бирок, ал үйдүн абалы өтө начар.

Тээ 1980-жылдары, СССР маалында Жазуучулар союзунун каражаты эң көп болгон. Жазуучулар союзунда элиталык «Нооруз» клубу сыяктуу көптөгөн имараттар да болгон. «Атамбаев жазуучулардын Арашандагы чыгармачылык үйүн бир түрктөргө 3000 долларга 6 жылдык ижарага оңой жана бат эле берип койду. Ушинтип анын болочоктогу финансылык империясынын жана партия кассасынын негизи түзүлгөн», - деп жазылат «Комсомльская правда» гезитинде.

Баарынан кызыгы азыркы тапта Арашандагы жазуучулар үйүндө бир дагы жазуучу эс албайт. Ал жайга барып көргөндөр, азыркы тапта ал имарат Атамбаевдин түрк досунун медресесине айланганын көрө алат.

Атамбаевдин байлыгы кайдан пайда болгонун кеп кылганда, туңгуч президент А. Акаевдин айтканын да эске салбай кетүүгө болбойт. Акаевдин айтымында ошол жылдары ага Ч. Айтматов кайрылып, жазуучулар союзунун абалы начар болуп атканын, анан Россиядан келген гранттан бөлүшүүсүн суранган. Ошондо Россиядан келген 50 млн рубль (ал убакта рубильдин курсу доллардай эле болгон) толугу менен Жазуучулар союзуна берилген.

 «Ал акчаны Чынгыз Айтматов жардамчысы Атамбаевге тейлөө үчүн берген. Бирок ал акчаларга фабрика, заводдор сатылып алыныптыр. Бирок кийин ал завод, фабрикалар сатылат приватизация учурунда. Ошентип ал байлыктар Атамбаевдики болуп калган», - дейт Акаев.

Мынакей, Атамбаевдин байлыгын түпкү башталышы ушундай болгон. Бирок, ошондо деле ал эч кандай мультимиллионер болгон эмес, орточо бай адамдардын катарын толуктап калган. Ал эми президент болуп келгенден кийин ал эки чоң хансарай салдырып, жеке учак менен учкан мультимиллионер болуп чыга келди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости