www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Премьер-министр Сапар Исаков парламенттеги оппозиция менен бир айда бир жолу жолугушуп турууну көздөйт. Бул тууралуу ал кечээ парламентте билдирди. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.
Жогорку Кеңештеги азчылыкты түзгөн "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Республика - Ата Журт" фракциялары өкмөттүн бир жылдык отчетун угуп, “канааттандырарлык эмес” деген баа берди. Анда негизги талкуу-талаш Кумтөр, Тогуз-Тородогу жагдай, "Акылдуу шаар" долбоору, ГЭС куруу, коррупцияга каршы күрөш жана башка жагдайларга байланыштуу болду.
Жыйындын соңунда Сапар Исаков:
- Отчеттон өтүп, мындан ары иштесем, анда бир сунуш киргизет элем – бир айда бир саат оппозициялык фракциялар менен жолугуп, бүт суроо-талаптарды угуп, жооп бергенге аракет кылалы.
Өкмөттүн отчету буга чейин КСДП жана “Кыргызстан” фракцияларында каралып, жактырылган.
Булак: NazarNews.kg