www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Жеңден кончокко суудай эле куюлган" Аскар Шадиев улутубуздун сыймыгы болгон улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалышы боюнча УКМКга сурак берип жаткан.
Сурак башталганда суудан кургак чыгуунун айласы кылып биринчи вицелик кызматтан баш тартты. Аны менен эле коюлган айыптан кутула албасына көзү жеткенден кийин, капыстан эле жүрөгүн "мыкчып", улуттук кардиологияга жатып калды.
Кудум ок жаңылгансып, онтоп. Бул да болсо кылмыштуу иштен из жашырып кетүүнүн амалы экенин элибиз жакшы билип калды. Себеби, бизде атка минерлер айыбы, уруулугу ачыкка чыкканда "ооруп" калып, жазадан кутулуп кетмей иттик көрүнүш бар эмеспи.
Шадиев ошол ""иттик" ыкманы колдонуу аракетинде болуп жатат. Айрым маалымат каражаттары ооруканада Шадиевди күзөтчүлөр кайтарып жатканын жазып чыгышты.
Эмнеге? Качып кетүү коркунучу барбы? Кача койбос... Бирок ошентсе да, жакшылар көз салгыла, "көзүрдү" колдон чыгарбай...
Булак: Багыт.кж