www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Атамбаев туулган күнүн өзүнө таандык “Форум” ишканасында тосту. Элди аралаган “ким барат? эч ким деле барбайт го” деген пикирлерди тыңшап отурган Фарид Ниязов шефинин майрамын эл көзүнө көрсөтө уюштурумуш кылды. КСДПнын бир топ адамдарын чогултуп алып, Атамбаевди куттуктатып, мунун баарын тасмага тартып жарыялады. “Мына, көрдүңөрбү, Атамбаевди эл куттуктап жатат” деген сыяктуу. Бирок, ал жерде Атамбаевдин офисинде, партиянын штабында иштеген бир ууч кызматкерлерден башка белгилүү ишмерлерден эч ким деле болбоду. Болгону штаб башчысы Фарид Ниязов менен маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева гана күйпөлөктөп жүрөт. Партиялаш депутаттардан, эски бийлик тушунда укмуштуудай карьера жасаган чиновниктерден, бир кездери жасакерленип кошомат айтып турган саясатчылардан жана оң кол-сол кол табакташтардан бирөөсү да көрүнбөдү. Атамбаев майрамды өз каражатына өзү уюштуруп, өзүн-өзү куттуктагандай эле болду.

Ал эми NazarNews маалымат агенттиги саясий жана коомдук ишмерлерден экс-президенттин туулган күнү менен кантип куттуктаарын сурап кайрылганда, көпчүлүгү жооп берүүдөн качса, айрымдары Атамбаевге карата тескери маанайда куттук жолдошту. Алсак, экс-депутат Бегалы Наргозуев “мага ошол Атамбаевди туулган күнү менен куттуктаганды угузбай эле койчу”, - деп сөздү кыскартты.

Ал эми коомдук ишмер Эдил Байсалов “Мен аны куттуктагандай мамилем жок. Былтыр, же эки жыл мурун чалына чуркап барып, жүгүнүп куттук сөз айткандардын бүгүн канчоосу келди экен? Президент болгондо "мен эле кыйын, элдин камын мен эле көрүп атам, эң таза жана акылдуумун" деген оорусунан айыксын. Угушубузча, ал дарттан дагы эле арыла элек экен. Айта турган сөзүм – көп жашасын. Анткени, калган өмүр бою катачылыктарына өкүнүүдө өтөт. Тилекке каршы, анын учурунда биз качырган өнүгүү мүмкүнчүлүктөрдү же жанагы эле анын бийликке келишине жол ачкан шейит кеткен балдарды, досторубузду кайра кайтара албайбыз. Айта турган сөзүм ушул. Жумшартып айттым”, - деп болгонун болгондой айтып “куттуктады”.

Атамбаевдин бүгүнкү жеке майрамы элдин назарын бекеринен бурган жок. Анткени, аны куттуктоонун өзү саясатта ары-бери сапырылгандар үчүн бүгүнкү күндө чоң эрдик жана адамдык сапатты баалоочу индикатор болмок. А Атамбаев болсо элден чыгып, жалгыздыкта калганына өзү да көзү биротоло жетип, элге да ачык жарыялап алды. Тасмага тартып, элге мактанам деген Фарид Ниязов менен Кундуз Жолдубаева болсо артык кылам деп тыртык кылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости