www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Догурунма, долуланма саясатчылардын көч башында Рыскелди Момбеков турат. Анын диплому жасалма экенин ачык айтып койгондорду жаман көрөт, аны бирөө кыйнап жасалма диплом алдырткансып. Анан ошол жасалма диплому менен маданият министри, улуттук тил комиссиясынын төрагасы, «Учкун» ААКнын башчысы сыяктуу мамлекеттик үлкөн кызматтарды да мыйзамсыз аркалаганын айткандарды уккусу келбейт.

2010-жылга чейин эч ким деле тааныбаган катардагы журналист болгонун, ашынган мүлкү деле болбогонун, анан апрель революциясынан кийин эле хансарайда жашап, кымбат баалуу машина минип калганын айткандарды жининен жаман көрөт. Ал өтө тездик менен саясий карьера жасашына жана тез арада байып кетишине себепкер болгону үчүн азыркы күнгө чейин мурдагы президент Атамбаевди коргоп келет.

Жакында эле ал СИЗОдо жаткан АШАга 3-4 кесиптеши менен чогуу кирип, ал-акыбалын сурап чыккандан кийин журналисттерге «Эгер Атамбаев бир нерсе болсо, анда мамлекет жооп берет» деп айтыптыр. Ошондо ал коррупцияга айыпталган адамды коргоп, мамлекетти коркутуп жаткан болобу? Рыскелди Момбеков ушинтип айтып жатат деп эле Атамбаевди эркиндикке чыгарып жибериш керекпи? Же Атамбаев мамлекет башында турганда да коррупция беренеси менен айыпталып, камакка алынган саясатчылардын бат эле «ооруп» калышканын, анан аларды үй камагына чыгарса, чет өлкөлөп качып кетишкендерин коомчулук билбейт деп ойлойбу? Качанкыга чейин биз мамлекетти каалагандай талап-тоногондорду баатыр көрсөтүп, аларды камакка түшүп калса аяп жүрө беребиз? Же Момбековдун байып кетишине салымы чоң эле деп Атамбаевди да эркиндикке чыгарып коелубу?, деп Беспредел KG-КР жазып чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости