www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын мурдагы президенттери өмүр бою Улуттук Кеңештин – парламенттин жогорку палатасынын мүчөсү болушат. Бул тууралуу "Борбор Азия жаңылыктар кызмат" жазып чыкты. 

Бул сунуш 24-февралда Түркмөнстан мамлекеттик маалымат агенттиги жарыялаган Конституциянын жаңы долбоорунда камтылган.

Долбоорго ылайык, мурдагы президент кызматын тапшыргандан кийин өзү баш тартпаса, Улуттук Кеңештин мүчөсү бойдон калат. Буга чейин Түркмөнстандын Конституциясында мурдагы президенттердин тагдыры жөнүндө айтылган эмес. Болгону, эгер президент катуу ооруп калса, анын милдеттерин парламенттин төмөнкү палатасынын төрагасы аткарары гана жазылган.

Бирок Түркмөнстандын тарыхында бул принцип иштей элек. 2006-жылы биринчи президент Сапармурат Ниязов өлгөндөн кийин Межлис төрагасына кылмыш иши козголуп, мамлекет башчынын милдеттерин вице-премьер Гурбангулы Бердымухамедов аткарып калган. 2007-жылы ал толук кандуу президент болуп шайланган.

Конституциянын жаңы редакциясынын долбоорунда президент катуу ооруп калса, анын милдеттерин Улуттук Кеңештин башчысы аткарары жазылган. Төрага жашыруун добуш менен шайланат жана бир эле учурда министр, аким, судья жана прокурор кызматтарын аткара албайт. Буга чейин мындай чектөө Межлистин мүчөлөрүнө гана тиешелүү болуп келген.

Түркмөнстанда мыйзам чыгаруу бийлигин реформалоо 2019-жылы күзүндө сунушталган. Президент Бердымухамедов демилгелеген идеяга ылайык, өлкө кош палаталуу парламенттик системага өтөт. Учурда Түркмөнстан парламенти бир палатадан гана турат. 125 депутат беш жылга шайланат, формалдуу түрдө бул орган көп партиялуу болуп эсептелет.

Улуттук Кеңеш Ниязовдун тушунда чоң таасирге ээ болгон жана президенттин бардык чечимдерин бекитип берип турган. Бердымухамедов бийликке келгенде ал жоюлган, анын ордуна Аксакалдар кеңеши түзүлгөн, бул орган өлкө жашоосунда олуттуу ролго деле ээ эмес. Улуттук Кеңеш 2018-жылы күзүндө кайрадан чогулган. Дал ушул орган коммуналдык жеңилдиктерди жойгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости