www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коргоо министри Бактыбек Бекболотовдун профессионалдуулугу күмөн жаратып келет. Аскерий системадагы эмгектери же эрдиктери белгисиз. Күтүүсүз жерден эле министрликке дайындалып, генералдык погон тагынып алды.
Коллегалары деле, ачык каршы чыкпаганы менен, ич-ара нааразылык айтууда. Кадр саясаты боюнча айрым келишпестиктерди кабарлашты. Биз ийине жеткизе талдап беребиз. Убакыт керек...
Баса, жакында эле Тажикстандын куралдуу күчтөрү Баткендеги айылга ок жаадырып кеткен. Жергиликтүү элибиз бүлүк түшүп, качууга аргасыз болду. Министр мырза конкреттүү түрдө реакция жасаган жок.
Ынанымдуу билдирүү да кыла албады. Баш чайкайсын. Бир кызматкери айткандай, Бекболотов экс-президент Атамбаевди туурап, «кызылынан» байма-бай алып турбаса башы ооруйбу? «Алагүү тартса купшуңдап, өнөрү күч» дейт.
Булак: Азия News гезити