www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындай кылыгы менен Талант Мамытов спикерликтен кулайбы?

«Ынтымак» партиясынан аз добуш менен депутаттыкка шайланган Талант Мамытов ички талаш-тартыштын айынан зорго спикер болгон. Эми көчүгү ээрге батып алган соң, өзүнчө эрдемсип, кыйын боло баштаптыр.

Парламенттеги оюнчу депутаттардын тилине кирип, Садыр Жапаровдун командасындагы белдүү кадрларды аксатуу, чалып жыгуу жагынан амалдана баштаганы кандай? Интриганын сазына бата берсе, Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кулатуу маселеси жакында көтөрүлбөйбү? Же күзгө чейин сыноо беришеби?..

Эске салсак, Талант Мамытов 2010-жылы Камчыбек Ташиевдин артынан депутат болуп, кийин Өмүрбек Бабановго өтүп кетип, «саткынчы» катары аталган. Көнгөн адат калабы, уйга жүгүн салабы?.. дегендей, бара-бара президенттин башын аттап кетпейби? Эмитен эле шек жарата баштады...

Булак: Азия News гезити

Последние новости