www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аз күн мурда өкмөт башчынын жанында «иш кылып» жүргөн Нурлан Сулайманов боюнча коомчулукта чуу чыгып, бийликтин аброюна шек келтире турган сөздөр айтылып, жазылган. Мурда издөөгө алынып, кылмыш жоопкерчилигине тартылбай кутулуп кеткени козуп, олуттуу суроолор коюлду.

Көп өтпөй Өмүрбек Текебаев экс-министр Нурлан Сулаймановдун Баткендеги жер чатагына тийешелүү экенин билдирип, жарга такаган. Кайрадан чыр-чатак ырбады. Анан башкы прокуратурага суракка чакырылганы кабарланып, ошол боюнча эмне болгону белгисиз.

Адатынча «кол ийрисине» тартат таризинде көшөгө артынан жым-жым болуштубу? Кыскасы, кыңыр ишке чекит коюлбай келет. Баса, коррупцияга шектелген бул чиновниктин баласы Элдар Сулайманов «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келди.

Атасынын миллиондору арбын экен, мандатты минип отурат. Бир эсе таңгаласын, Нурлан Сулайманов уулун саясатка талпынткан соң, өзү Кудайга тобо келтирип, үйүндө неберелерин тынч эле багып, мамлекеттик кызматтардан оолак эле жүрбөйбү?

Качанкыга чейин жулуна берет? Пенденин көзү тойбойт экен го...

Булак: Азия News гезити

Последние новости