www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыйкатчы постуна Токон Мамытовдун талапкерлиги сунушталып жатканы айтылууда. Бирок, ал бул маалыматты төгүнгө чыгарып, өзүнө эч кандай сунуш түшпөгөнүн айтууда. Ошол эле кезде Токон Болотбекович эгерде ага бул кызматты сунушташчу болсо, барып иштөгө даяр экенин да кошумчалаган. Аны ким сунуштап жатканы белгисиз.

Токон Мамытов экс-президент Курманбек Бакиевдин тушунда президентик администрациянын жетекчисинин орун басары, Коопсуздук кеңешинин катчысы, Чек ара кызматынын төрагасы болуп иштеген. 2010-жылдагы куралдуу төңкөрүштөн кийин “Ар-Намыс” партиясынын тизмеси менен ЖК депутаты катары эмгектенген.

Бат эле экс-президент Алмазбек Атамбаевдин баалуу кадрына айланып, ишенген кризис-менеджери болуп чыга келген. 2013-жылы кыска убакытка (январь-май) Чек ара кызматынын төрагасы, Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү (июнь), 2013-жылдын июлунан 2014-жылдын апрелине чейин коопсуздук, укук тартиби жана чек аралар боюнча вице-премьер-министр, 2014-2015-жылдары “Кыргызалтын” ААКнын башчысы болуп, кызматтан-кызматка секирген. 2016-жылдан бери Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагалыгына конуп, бир аз тынчыгансып калган. Эми бул бийлик тушунда да ташы өйдө карай жорголоп, Акыйкатчылыкка карай ынтылып калгандагысы бу кишинин.

Акыйкатчылыкка “Ата-Мекен” фракциясы тарабынан юрист Канатбек Азиздин талапкерлиги сунушталган. Мурунку Акыйкатчы Кубат Оторбаев эки ай мурда өз каалоосу менен кызматынан кеткенден бери бул орун бош турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости