www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казактардын эл басы Нурсултан Назарбаевдин эмнеге сакал коюп, кара жамынган кийимдерди кийгендерге бөгөт койгонунун себептерин чечмелөө кыйынчылык жаратпайт. Анткени ашынган нерселерди чегинен чыгарбай чымдай кылып басып койбосо тамырлап кеткенинен чоочуду окшойт. Ошондуктан өлкөнүн өңү-түсүнө жарашпаган жоруктардан тезирээк кутулууну көздөдү. Мындай батыл чечимин калкы да туура көрүп колдоп беришет деген ишеним бар. Эгерде элине таянбаса ал буга көзүн жумуп коймок.
Ал эми Кыргызстанда бул багытта абал кандай? Арийне, бул талаштуу маселе десек болот. Кээ бир эл өкүлдөрү хиджап кийгендерди эмне үчүн мектепке киргизишпейт деп жинденди. Айрым дин аалымдары болсо кыздарды балдардан бөлүп окутуш керек мектепте деген демилгени көтөрдү. Биз светтик өлкөбүз деп Баш мыйзамда жазылган.
Демек, динди саясатка киргизбешибиз олуттуу. Минте берсек эртең сакалды батектей кылып койгондор, бетин таптакыр чүмкөп алгандар төрүбүздөн орун алып, бизге акыл үйрөтө баштаса кантебиз? Негизи мечиттин арбышына эмес мектептин көп салынышына кубанышыбыз кажет. Билимге сугарылбаган жаштар өлкөнүн арабасын тартканга алсыз болуп калышат. Казактардын көсөм башчысы туура жолду тандады.
Булак: "Ачык сөз"