www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура “Вечерний Бишкек” холдингин рейдерлик басып алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Басма үйүнүн мурунку ээси Александр Кимдин жактоочусу Сергей Воронцовдун айтымында, жоопкерчиликке Биринчи май райондук сотунун сот аткаруучулары да тартылыш мүмкүн.

Анын маалыматында, 2015-жылдын 20-майында сот Алмазбек Калыбаев холдингдин активдерин жана негиздөөчүлөрүнүн менчигиндеги мүлктөрдү камакка алуу боюнча чечим чыгарган. Сот аткаруучулар баалоо жүргүзбөй, сатуу жөнүндө жарыялабай туруп, басма үйүн кабыл алуу-өткөрүп берүү жолу менен Александр Рябушкиндин карамагына өткөрүп берүү менен мыйзамдарды бузушкан.

Кылмыш ишин Кылмыш кодексинин “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренеси менен козгошту. Александр Рябушкиндин мүлктөрү камакка алынып, ишти ИИМ иликтөөдө. Александр Кимге карата козголгон кылмыш иши да сотто кайра каралат. Соттук угуу 14-сентябрга белгиленген.

Эске салсак, Александр Кимди коммерциялык уюмдун кызматтык абалын кыянат пайдаланган деген айып менен алты жылга шарттуу кесишкен. Соттун чечимине ылайык, ал Александр Рябушкинге 27 млн сом төлөөгө милдеттендирилген. Соттолуучу бул ишти саясатка байланыштырып, жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти кайра кароону талап кылган.

Бул рейдерлик басып алуунун артында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси, ошол кездеги президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов менен Икрамжан Илмияновдун катышы бардыгы көп айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости