www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык соту райондук соттун мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын узартуу тууралуу чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу «Азаттык» жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Атамбаевди абакта кармоо тууралуу чечим мыйзамсыз экени тууралуу арыз шаардык сотко эки апта мурда жиберилген.

Бүгүнкү сот отурумуна катышкан прокурор Замир Жоошев Атамбаевди кармоо алдында экс-президенттин макамы жөнүндөгү мыйзам өзгөртүлүп, ал тийиштүү шарт түзүлгөндөн кийин кармалганын билдирди.

«Бирок мен анын жүйөсүн негизсиз деп эсептейм», - деди Жоошев.

Сот райондук соттун чечими мыйзамдуу болгон деп тапты.

Быйыл январда Биринчи май райондук соту Атамбаевдин бөгөт чарасын карап, анын камактагы мөөнөтүн эки айга, 15-мартка чейин узарткан.

Белгилей кетсек, Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу иш боюнча соттук отурум болуп өтмөк.

Айыпталуучунун жана айрым жактоочулардын келбегендигине байланыштуу соттук отурум өтпөй калды. Кийинки отурум 25-февралда өтөт.

Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу жана бир катар башка беренелер менен айыпталууда. 2019-жылдын 8-августунда кармалган мурдагы президент УКМКнын тергөө абагында камакта отурат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости