www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында 15 жаштагы окуучу атасынын унаасы менен 43 жаштагы адамды сүзүп кеткен. Жабырлануучу окуя болгон жерде каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБдин жол кыймылынын коппсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Окуя кечээ, 19-февраль күнү кечки саат 19:50 чамасында Ош шаарынын Тээке айылында, тактап айтканда Ош—Араван жолунун 9-чакырымында болгон. 2005-жылы туулган Т. уулу А. атасынын «Хундай Портер» унаасын башкарып бара жатып, Тээке айылынын 1977-жылы туулган тургуну Э.С. жана 1975-жылы туулган Р.Г.ны сүзүп кеткен.

Анын кесепетинен Э.С. окуя болгон жерде каза болду. Ал эми Р.Г. ооруканага кайрылган.

Топтолгон материалдардын негизинде окуя Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости