www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусуна караштуу Алай районунун Арпа–Тектир айлынын жашоочулары Кыргыз Республикасынын президентине кайрылышып, “инибиз Рахманберди уулу Төлөгөнгө Ошто Раим Матраимовдун жандоочулары Кылыч Саркарбаев, Нурбек Раимбеков, Мунар Матраимовдор тарабынан коркутуу, үркүтүү болуп жатат. Ушул ишти өз көзөмөлүңүзгө алууңузду сурайбыз. Аксакалдарды кабыл алып, көйгөйлөрүн угуп, ушул жигитибизди жакшы териштирип берсеңиз",- деп суранышкан.

Андан кийин Кыргыз Республикасынын президентинин тапшырмасы менен Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Алай районунун Арпа-Тектир айылынын жашоочулары менен жолугуп келгени жалпыга маалым болсо ИИМдин КМК бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Замирбек Рысбеков: “Президентке Кайрылуу жасаган Кимсанбаев менен Төлөгөн Рахманберди уулу чын эле кылмышка шектүү, учурда издөөгө алынган. Алар президентке Кайрылуу жасап койсок эле кылмыштан кутулуп кетебиз деген ойдон алыс болушу керек. Мен ойлоймун алар сөзсүз кармалып, жазасын алат”,-деди.

Бүгүн, социалдык тармакта Алай районунун Арпа-Тектир айылынын айрым аксакалдары, президентке Кайрылуусун четке каккан видеотасма тарады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости