www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаевдин келечегине кепилдик

Атамбаев канчалык “мен мураскер даярдабайм” деп айтканы менен, ал артына ишенимдүү кишисин бийликке калтырып кетээрин коомчулук жакшы билген. Таза шайлоо өткөрүп,чыныгы атаандаштардын жарышын камсыздап берүү үчүн таза аракет керек. Артында былыктары былтыйып жаткан бир да бийлик, көздөй кишисине башкы орунду табыштабай кете албайт. Корко турганы жок адам гана, өз мөөнөтүн өтөп бүтүп, жарык жүзү менен жарыштан чыгат.

КСДПнын талапкерин жакшы билгендердин айтымында, 1995-жылдары Сооронбай Жээнбековдун атасы Шарип Жээнбеков Алмазбек Атамбаевге, Сооронбай Жээнбековго, Иса Өмүркуловго баарына окшош “Вольга” үлгүсүндөгү автоунаа белекке берип, “бири-бириңерге эриш-аркак болуп, катар жүргүлө”,- деген насаатын айткан экен.

Ага ишенсек, нечен жылдан бери келаткан достук - учурдагы президент бийликтен кеткенден кийин дагы, анын байлыгы жана өзү үчүн толук кандуу коопсуз болоорунун кепилдиги болуп берет. Жээнбеков премьер-министрликке адеп келгенде эле коомчулукта Атамбаев өз ордуна даярдаш үчүн кызмат секисине көтөргөнүн божомолдогон пикирлер жаралган.

Божомолдор чын чыгып, Жээнбеков талапкер катары расмий жарыялангандан кийин да, ишеним болбой, мунун артында КСДПнын дагы бир камдаган оюну бардыгынан шектенгендер да толтура. Бул эл ишениминен жедеп аталган партия алыс калганын далилдеп тургансыйт.

Булак: “Майдан.кж”

Последние новости