www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Психология адистеринен бири өз семинарында жерге нанды коюп, катышуучулардан сурады: “Бул нанды тебелей ала турган адам барбы, араңарда?”

Залдан эч кандай үн чыккан жок.

“Сахнага чыгып бул нанды тепсеген кишиге 100 доллар берем” деп улантты, сөзүн. Салон жымжырт…
Бааны арттырып 5000 долларга чейин жеткиргенде салондогулардан бири колун көтөрүп, “Агай, кааласаңыз 5 миллион доллар бериңиз, бирок эч кимибиз бул нанды тепсей албайбыз. Убара болбоңуз!” деди.

Профессор “Баалуулуктарды сыйлоо деген ушул!” деди.

Андан кийин, “Акча берсек дагы нанды тепсеген адам саны жок дей турган даражада аз болгонуна карабай, бекерге жалган сүйлөгөн, ушакташкан адамдардын мынчалык көп болуусу таң калычтуу эмеспи? Жалган сүйлөө темасында да ушунчалык көңүл бөлүп карасак болбойт беле? Же бир жерде бирөө ушак сөз баштап жатканда ал жердеги кишилердин баары аны токтотсо жакшы болмок эмес беле? Жерге түшкөн нандын ушагына болгон сыйыбыз, кайдыгер караганыбыз үчүн жок болуп кетүү даражасына келген баалуулуктарыбызда эмнеге көрүнбөйт?” – деп сөзүн бүтүрдү.

Булак: 

Последние новости