www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Апасынын баласы экендигин кантип билүүгө болот?

1. Сырткы келбетинен. Анткени апасынын баласы аталган эркектердин кийими дайыма таза, үтүктөлгөн, бут кийими да жалтырап турат. Эч качан гардеробун апасынын жардамысыз жаңылай албайт.

2. Апасынын сөзүн мыйзам деп эсептейт. Мындан улам көпчүлүк жаш үй-бүлөлөрдө пикир келишпестик пайда болот. Баласы үчүн чечимди апасы чыгарат. Апасынын сөзү үчүн жеке кызыкчылыктарынан, пландарынан да баш тартат.

3. Баарын апасына салыштыра берет. Жадагалса аялын да. Анын жасаган тамактарын, көз карашын апасына салыштырып, натыйжада апасыныкы дайыма жакшыдай, туурадай сезилет.

4. Бардык аялдарды жек көрөт. Апасынан башка аялдар жырткычтай көрүнүп, баалуу нерсесин тартып алчудай сезилет. Жыйынтыгында өзүнүн аялы да фобиясы болуп калат. Буга анын апасынын бала чагынан аялдарды сыйлоо керектигин үйрөтпөгөнү себеп болот.

5. Дайыма апасы менен байланышта болот. Улам эле апасы менен телефондо сүйлөшүп, жадагалса бир иш кыларда да сөзсүз апасы менен кеңеше берсе, демек, ал – апасынын баласы.

6. Абдан кежир болот. Жашоосунда майда-барат нерселерге да көңүл буруп, оңой менен ыраазы болбой, кээде аялдар менен да теңтайлашат.

7. Апасынын баласы экендигин мойнуна алгысы келбейт. Досторунун, жакындарынын арасында апасынан көз каранды болбогондой, анын сөзүнөн чыкпаган бала эместей түр көрсөтө берет.

Апасынын баласы болуп калуунун себептери.

1. Апасы алгачкы сүйүүсү болгондугу. Бала жашоого келгенден баштап биринчи апасын жакшы көрөт. Бул жакындык чоңойгон сайын өнүгүп отуруп бала апасынын баласына айланат.

2. Үй-бүлөдө жалгыз уул болушу. Жалгыз уул болгондуктан апасы ашкере эркелетип, абайлап тарбиялап, чоңойгондо да бул адат калыптанып калат.

3. Үй-бүлөнүн толук болбогондугу. Ата-энесинин ажырашуусунан кийин же атасы каза болуп калса, бала апасы менен калат. Кайра турмуш курууну ойлонбой, өмүрүн баласын тарбиялоого арнайт. Апа менен баланын ортосундагы мындай тыгыз мамиледен улам бала жашоодо апасынан башка адамды көрбөй чоңоёт.

4. Өспүрүм курактагы баланын өзгөрүүсү. 15-16 жашында бала “уядан учкусу” келет. Ата-энесинин бөлүнүп убактысын көбүрөөк теңтуштары менен өткөрүүнү каалайт. Бул учурда апасы көзөмөл астында болуп келген баласын сыртка чыгаргысы келбей, ар кандай кечелерге барууга тыюу сала берип апасынын баласы кылып коёт.

5.Атасынын бала тарбиялоодо пассивдүүлүгү. Көпчүлүк аталар бала тарбиялоо эненин милдети деп эсептеп ката кетиришет. Баланын тарбиясына жалаң эле апасы көңүл буруп атып бала апасынын баласы болуп калыптанат. Же болбосо атасы аракеч болуп, үй-бүлөнү башкаруу, көзөмөлдөө көбүрөөк апасына тиешелүү болсо да баласы апасынын сөзүнөн чыга албай калат.

Апасынын баласы болуунун кесепети

– Кеч үйлөнүүгө алып келет. 30 жашка чыкса да өз алдынча жашоо тажрыйбасына ээ боло албайт.

– Чечкинсиз болуп калат. Жашоосундагы маселелерин апасы жок кезде өз алдынча чече албай кыйналат.

– Уюштуруучулук жөндөмүнө ээ болбойт. Той-топурларды, кечелерди уюштуруу апасынын же аялынын мойнуна илинет.

– Таман астындагы эркекке (подкаблучник) айланат. Апасынын көзү өткөндө же өз алдынча түтүн булатып жашаганда үй-бүлөсүн башкарууну аялынын колуна берип коёт. Муну өзү да билбей калат жана өмүр бою аялынын сөзүнөн чыкпай жашайт.

– Айрым апасынын балдары агрессивдүү болуп калат. Мындан улам кийин аялы менен чатакташканда ага кол көтөрүүгө чейин барат.

– Кайнене менен келиндин ортосундагы карама-каршылыкка себеп болот. Анткени апасынын көзөмөлүндө болуп жүргөн бала үйлөнгөндө апасы келинине ишеним артпай, баласына кам көрүүнү уланта берет. Жадагалса уктоочу бөлмөсүнө да уруксат сурабай кирип келинине жаман көрүнөт.

Кандай мамиле кылуу керек?

– Апасынын баласы аталган эркектерге жагуу оңой. Болгону анын апасына жагуу керек жана апасынын идеалдуу адам экендигине макул болсоңуз жетиштүү. Эгер келечектеги кайненеңиз никеңиздерге каршы болбосо, демек, сүйүктүүңүз да каршы болбойт.

– Мындай эркекти тандасаңыз, өзүңүз бийликчил жана демилгелүү болушуңуз керек. Бирок башкарып жатканыңызды билдирбей, жолдошуңузду үй-бүлө башчысындай кабыл алып мамиле кылыңыз.

– Апасынын балдарын кайра тарбиялоо мүмкүн эмес. Андыктан ал үчүн апасы биринчи орунда экенине көнүүгө туура келет. Кайненеңиз менен талашып-тартышууга барбаңыз. Болбосо апасын баарынан жогору койгон эркек сизди таштап коюшу ыктымал.

– Эгер апасы менен баласынын ортосунда пикир келишпестик чыкса, сиз аралашпаңыз. Алар жарашып кетип, сиз күнөөлүү болуп каласыз.

– Апасынан бөлүнүп өзүнчө жашоого көндүрүүгө аракет кылыңыз. Анткени апасынын баласы аталган баланын апасы менен чогуу жашоо маселе жаратат. Бирок апасын жаман көрүп жаткандай ой калтырбаңыз.

Булак: "lady.kg"

Последние новости