www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Панфилов районунда тасма тартуу учурунда Хадижа Исмаилова аттуу жаш актриса кызды ат сүйрөп, жыйынтыгында ал каза болду. Бул кырсык тууралуу бүгүн, 25-майда жакын курбусу бизге маалымдады, ошондой эле Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 24-майда орун алган. Хадижа Б.Бейшеналиева атында гы Искусство Университетин аяктап актердук кесипке ээ болуп, учурда Т.Океев атындагы улуттук киностудияда иштеп жаткан.

Белгилей кетчү нерсе тасманы тартуу иштери 10-майда башталыптыр. Кечээ, 24-майда тартуу иштери жүрүп жатканда маркум атты чаптырып кетиптир. Аңгыча ат өзү эле кайткан. Тартуучу топ артынан барып, кызды эс-учу жок абалда табышкан. Аны ооруканага  алып кетишкен, тилекке каршы ал ошол жерден каза болгон. Жаныбарга ишениш  жок дечи ошентсе да коопсуздукту алдын ала эске алып коюшса балким жаш кыз аман калаар беле, аттиң...

Булак: “Айгай-пресс

Последние новости