www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу Референдум аркылуу жасалыш керек” дейт, Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев. Ошондой эле ал  журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, “Бул маселе жалпы элдин катышуусу менен чечилгени оң. Экс-президентти кол тийбестигинен ажыратуу маселеси кошумча иштеп чыгууга муктаж.

Демилгени эл менен талкуулаш керек. Чечимди Жогорку Кеңештин 120 депутаты  же президент эле кабыл алып койбой, мүмкүн, референдум  өткөрүү керек", деген пикирин билдирди.   

Ошентип учурда Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча бийлик тарапта чоң демилге башталгансыды. Бул демилгенин аткаруучулары болуп, ЖКнын депутаттары Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев шымалана киришишти. Арты кандай болоор экен. Минте беришсе күздө бир балээ болот окшоп калды. Атамбаев да жөн жатпай, чабуулга өтөт окшойт.

Булак: “Ачык Саясат”

Последние новости