www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен милиция кызматкерлеринин жана алардын жетекчилеринин иш-аракетине баа берилип, ага ылайык ИИМдин буйругу жарык көрдү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Ага ылайык Чүй ОИИББнын жана Жайыл РИИББнын жетекчилигинин кызматка болгон мамилелери жөнүндө кызматтык иликтөө жүргүзүлүп чыгып, жыйынтыгында кызматкерлердин ишке болгон мамилесиндеги кемчиликтери аныкталды.

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын Тартиптик уставынын, Кыргыз Республикасындагы ИИОнын “Нөөмөт бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүн жогорулатуу чаралары жөнүндө”  буйругунун талаптарын, “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кесиптик этикасынын Кодекси” одоно түрдө бузганды үчүн, КРнын ИИОнын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө Жобосунун, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тартиптик уставынын талаптары одоно түрдө бузулган.

Ага ылайык, Чүй ОИИББнын башчысы милициянын полковниги Н. Сарчаев, Чүй ОИИББнын башчысынын орун басары милициянын полковниги К. Жумаев, Чүй ОИИББнын башчысынын орун басары милициянын полковниги М. Асанов, Жайыл РИИБнүн башчысы милициянын подполковниги  М. Исмаилов ээлеген кызматынан бошотулду.

Жайыл РИИБнүн башчысынын орун басары милициянын майору Ж.Абыканов өзүнүн түздөн-түз кызматтык милдеттеринин талаптарына жооп бербеген абалда иш алып баргандыгынан, өз ишине кайдыгерлик менен мамиле кылгандыгына байланыштуу, жетекчиликтен жоопкер катары, кол алдындагы тергөө ыкчам тобунун өздүк курамын жетишеерлик деңгээлде көзөмөл жүргүзө албагандыгынан, РИИБнүн имаратында жаранды бычактап адам өлүмүнө алып келген окуяга жол берилип, элдин милиция кызматкерлерине болгон ишеничи төмөн абалга келгенине байланыштуу “ички иштер органдарынын кызматынан биротоло айдалды.

Жайыл РИИБнүн башчысынын дагы бир орун басары милициянын майору Б. Чаргынов, “кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү” тартиптик жазасы жарыяланды Ошондой элеЖайыл РИИБнүн коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары  милициянын кенже лейтенанты А.Аблабеков ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Кызматтык иликтөө аныктагандай, Жайыл РИИБнүн тергөөчүсү милициянын лейтенанты Э. Кадышев өзүнүн түздөн-түз кызматтык милдетеринин талаптарынын талабын одоно түрдө бузуп, өзүм билемдик менен нөөмөткердин “кыз ала качуу” фактысы боюнча материалдарды чогултуп, тиешелүү иш-чараларды жүргүзбөгөндүгү үчүн РИИБнүн имаратында жаранды бычактап өлтүрүү фактысы орун алгандыгын жана коомчулукта резонанстык, “милиция кызматкери” деген жогорку наамды булгап, жалпы Кыргыз Республикасынын милиция кызматынын аброюуна шек келтиргендиги үчүн ээлеген кызматынан бошотулду.

Ошондой эле ээлеген кызматынан Чүй ОИИББнын Чүй ОИИББнын жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн жолду көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы милициянын майору Т. Ниязалиев, Чүй ОИИББнын Чүй ОИИББнын жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнүн ага тескөөчү-нөөмөткери милициянын капитаны Т. Макашовдор бошотулду.

КР ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын ыкчам чара көрүү борборунун башчысы милициянын полковниги Э.Орозакуновго “сөгүш” тартиптик жазасы жарыяланса, Чүй ОИИББнын коомдук коопсуздук кызматынын башчысы милициянын майору А. Исаковго“катуу сөгүш”, ИИМдин жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн Чүй ОИИББы боюнча башчысы милициянын полковниги А. Сакишовке, “сөгүш” тартиптик жазасы жарыяланды. .

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен Чүй ОИИББнын жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн 5-взводунун кенже тескөөчүсү милициянын прапорщиги З. Айткожоевге, Жайыл РИИБнүн тергөөчүсү  милициянын лейтенанты К.Сабыровго, Жайыл РИИБнүн криминалдык милиция кызматынын ыкчам өкүлү милициянын капитаны А. Ормокеевге, Чүй ОИИББ боюнча жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн  5-взводунун кенже тескөөчүсү милициянын прапорщиги З. Байтерековго, Чүй ОИИББнын кайгуул күзөт кызматыны 2-ротасынын милиционери, милициянын прапорщиги Б.Майлыбаевге жана Чүй ОИИББ боюнча жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнүн жардамчысы милициянын прапорщиги Ш. Юсузовдарга кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү тартип жазасы берилди.

Андан сырткары, Жайыл РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнүн ага нөөмөткер-тескөөчүсү милициянын подполковниги И. Иманалиев, Жайыл РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнүн нөөмөткер-милиционери милициянын старшинасы Н.Эсенкулов, Жайыл РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнүн имарат күзөт тобунун милиционери милициянын старшинасы М. Макеев, Жайыл РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнүн имарат күзөт тобунун милиционери милициянын старшинасы А.Атакуловдор “ички иштер органдарынын кызматынан биротоло айдалды.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен жалпы жонунан 23 кызматкер тактап айтканда,  ИИОнун катарынан биротоло айдалгандар 5, ээлеген кызмат ордунан боштулгандар-8, кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндоө эскертилгендер -7 жана  башка кызматкерлер тартип жазаларына кириптер болушту. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына жиберилди.

Тактай кетсек, Жайыл РИИБдин имаратында жасалган адам өлтүрүү фактысы боюнча Жайыл райондук прокуратурасы тарабынан милиция кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин (шалаакылык) негизинде кылмыш иши козголуп тергөө иштери жүргүзүлүүдө, деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости