www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын саясат айдыңында Алмазбек Атамбаевге каршы багыт алган цунамиге айлануу коркунучу бар жаңы толкун кам урду.
Кечээ экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча комиссия түзүүнү 40 депутат колдоп чыккан. Бүгүн, Атамбаевдин кол тийбестигин алуу сунушуна 60 депутат кол койгон. Депутаттардын мындай чурулдашына Атамбаевдин «чимкирик» деп атоосу себеп болуп, Канатбек Исаев парламентте Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу демилгесин көтөрүп чыккан.
«Комиссия биз айткан дооматтарда чындык барбы, же жөн эле куру сөзбү - ошону текшерет. Тереңирээк иликтеп, биздин сөзүбүз фактылар менен дал келсе, комиссия сунушту Жогорку Кеңешке алып чыгат. Жогорку Кеңеш аны Башкы прокуратура жөнөтөт. Башкы прокуратура текшере турган жагдайлар бар экенин ырастаса, кайра парламентке келип экс-президенттин кол тийбестигинен ажыратууга уруксат сурашы керек. Натыйжада парламент кайра жалпы жыйында экс-президенттин кол тийбестигин алууну карайт. Эгерде аны парламенттин үчтөн экиси, тагыраагы 80 депутат колдосо, анда Атамбаевдин кол тийбестиги алынып салынат да, Башкы прокуратура ага карата тергөө иштерин жүргүзө алат. Ошонун жыйынтыгы менен мурдагы мамлекет башчыны күнөөлүү же күнөөлүү эмес деп айтса болот , - деди К.Исаев.
Булак: NazarNews.kg