www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 21-майда КСДПчы депутат Ирина Карамушкина коомчулукка ачык кайрылуу жасап, анда Адил Турдукулов, Кундуз Жолдубаева жана Асел Кодурановасыз жаңы “Кыргызстан социал-демократтары” партиясын негиздеп, каттоодон өткөрүшкөнүн жарыялады.
Карамушкинанын КСДПнын ичиндеги чырды ачыктаган билдирүүсү төмөндө өзгөртүүсүз берилди.
“Бүгүн массалык маалымат каражаттарына Адил Турдукуловдун “Алмазбек Атамбаевдин балдары Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын негиздерин бузуп жатат” деген кезектеги билдирүүсү жарыяланды. 2019-жылы 6-апрелде КСДПнын съездинин алдында азыр иштеп жаткан партиянын Саясий кеңешинин бардык мүчөлөрү Адил Турдукуловдун Саясий кеңештин курамына киргизилишине каршы болушканын билдиребиз. Бирок, Алмазбек Шаршенович адамдар өзгөрүшү мүмкүн деген ойго ишенип (аны адамдардын абийирдүүлүгү тууралуу ишеними канча жолу алдады) Саясий кеңештен Турдукуловду мүчөлүккө кабыл алууну суранган.
Бүгүн Адил Турдукулов партия мүчөлөрү тарабынан социал-демократ катары эмес, партия мүчөлөрүн бири-бирине тукуруу, интригалардын эсебинен өз имиджин көтөргөн журналист катары кабыл алынат.
Алмаз Атамбаевдин балдарынын популярдуулугунун өсүшү аларды элдик колдоо, партиялаштардын алардын тегерегине биригүүсү дымагы күчтүү Адил Турдукуловдун кызганычын пайда кылып, былтыр “Азаттыкка” КСДПны башкаруу дымагы бар экенин жашырбай маек берген. КСДПнын убактылуу лидери Асел Кодуранова менен Кундуз Жолдубаева Алмаз Атамбаевди ачык колдобой калышканын жана Адил Турдукулов тарапка ооп, Атамбаевди сатып кеткен Туйгуналы Абдраимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышкандарын эске алып, биз “Кыргызстан социал-демократтары” деген ат менен жаңы партия түзүп, каттоодон өткөрдүк. Жаңы партия алдыдагы парламенттик шайлоого өлкөдөгү бийликти алмаштырууга жөндөмдүү, эрктүү жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу менен даярданып киришти. Мындан ары биздин КСДПнын бардык иш чаралары жана жолугушуулары Адил Турдукулов, Кундуз Жолдубаева жана Асел Кодурановасыз өтөт”, – деп сөзүн жыйынтыктаган Ирина Карамушкина.
Булак: NazarNews.org