www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

21-майда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тарапта “жаңылануу” болду. Кой-Ташта айкырык жасаган аялдардын алдыңкы катмарында турган, “бакырчаак” депутат Ирина Карамушкина коомчулукка кайрылуу жасады. 

Ал өз сөзүндө Асел Кодуранова, Адил Турдукулов менен Кундуз Жолдубаеваны “Кыргызстан социал-демократтары” партиясын түзүп, каттоодон өткөрүшкөнүн жарыялап, коомчулукка коңгуроо какты.  

--“2019-жылы 6-апрелде, КСДПнын съездинин алдында азыр иштеп жаткан партиянын  Саясый кеңешинин бардык мүчөлөрү Адил Турдукуловдун Саясый кеңештин курамына киргизилишине каршы болушканын билдиребиз. Бирок, Алмазбек Шаршенович, адамдар өзгөрүшү мүмкүн деген ойго ишенип (аны адамдардын абийирдүүлүгү тууралу ишеними канча жолу алдады) Саясый кеңештен Турдукуловду мүчөлүккө кабыл алууну суранды. Адил Турдукулов партия мүчөлөрү тарабынан социал-демократ катары эмес, партия мүчөлөрүн бири-бирине тукуруу, интригалардын эсебинен өз имиджин көтөргөн журналист катары кабыл алынат”, – деген Карамушкина.

“Алмаз Атамбаевдин балдарынын популярдуулугунун өсүшү, аларды элдик колдоо, партиялаштардын алардын тегерегине биригүүсү дымагы күчтүү Адил Турдукуловдун кызганычын пайда кылып, былтыр “Азаттыкка” КСДПны башкаруу дымагы бар экенин жашырбай маек берген. КСДПнын убактылуу лидери Асел Кодуранова менен Кундуз Жолдубаева Алмаз Атамбаевди ачык колдобой калышканын жана Адил Турдукулов тарапка ооп, Атамбаевди сатып кеткен Туйгуналы Абдраимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышкандарын эске алып, биз “Кыргызстан социал-демократтары” деген ат менен жаңы партия түзүп, каттоодон өткөрдүк. Жаңы партия алдыдагы парламенттик шайлоого өлкөдөгү бийликти алмаштырууга жөндөмдүү, эрктүү жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу менен даярданып киришти. Мындан ары биздин КСДПнын бардык иш чаралары жана жолугушуулары Адил Турдукулов, Кундуз Жолдубаева жана Асел Кодурановасыз өтөт”, – деп жыйынтыктаган Ирина Карамушкина. Бул тууралуу маалыматты Кыргызтудей басылмасы жазып чыкты.

Андан көп өтпөй эле, “Алмазбек Атамбаев үчүн жанымды беремин”, деген Рита Борбукеева “А.Атамбаевдин уулдары Сеид, Кадыр менен бирдикте КСДПнын татыктуу депутаты  И.Ю.Карамушкина, Т.Султанбеков баштаган мүчөлөрү күнүгө кайрымдуулук көрсөтүп жатса, айрым ичи тарлар жамандап жазып атышат. Алардын бири А. Турдугулов деген неме. Анын дагы бир бузукулук ишин угуп, же өздөрүн же өңгөнү жыргатпагандарды Кудайга койдум, дедим. КСДПны атайын бөлүп жарган мындай акмактарды  ордуна койчу убакыт алдыда... Ак ниет балдар тырмалаңдап, өздөрү улам бир иштерди жасап жатса, биз улуулар “көчүгүбүз” көтөрүлбөй отурабыз, андай акмакты “кой ай” деген чоңдор каякта? Же катардагы МҮЧӨЛӨР эле Турдугуловдун өпкөсүн үзсөкпү? Кандай дейсиздер? Азыр баарын эле, жөнөкөй эл чечип калды да”, деп жазып чыккан. 

Ага жооп катары Адил Турдукулов, “Член политсовета СДПК, бывший замгубернатора Иссык-Кульской области призывает сопартийцам меня избить. Такие "обоны" и довели Атамбаева до подвала ГКНБ”, деп жазган.

Ошентип учурда Кой-Таш тарапта ызы-чуу, карышкырлары түлкүлөргө жем болуп, чөөлөрү козуларга кол салууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости