www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин маалыматтык саясатын ашкере жүргүзүп келген маалымат булактарынын бирине «Конституцияны өзгөртүү аркылуу Жээнбековдор Бакиевдердин башкаруу системасын кайрадан алып келүүнү көксөп жатышабы?» деген темада макалага окшогон бирдемесин жарыялашты. Макаланын автору кыязы 3-классты да толук аяктаган эмес окшойт. Муну анын сабатсыздыгынан эле билип койдук. Макалада «ө, ү, ң» тамгалары «о, у, н» тамгалары менен менен урдурулган. Андан сырткары ар бир сүйлөмүндө экиден кем эмес грамматикалык ката бар. Жадакалса тырмакчаны да тыңдап кое албаган автордун макала жазганга батынганына «баа берип» койсо да болот.

Эми негизгисине өтөлү. Макалада «Жогорку кызмат адамдары эч себепсиз эле «кол жоолуктай» алмаша баштады» деп жазылат. Муну менен ал УКМК, Башкы прокуратура башчыларынын, президенттик аппаратын мурдагы башчысынын кызматтан кеткенин айтып атканын оңой эле түшүнөбүз. Булар кызматтан себепсиз эле кетишкен жок. Фарид Ниязовду эч ким кубалабаса деле, өз арызы менен кызматынан кетти. Ал эми УКМКнын төрагасы жана анын орун басарлары, баш прокурорлор коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү талабын тиешелүү деңгээлде аткара алышкан жок. Андан сырткары буларга коомчулуктун да нааразычылыгы күчөп кеткени себеп болду. «Иниси Асылбек тез эле Жаныш Бакиевден ашып түшүп, «серый кардиналга» айланды», - деген ой жоруусуна ким ишенет? Жаныш Бакиевден ашып түшүшү үчүн бери эле дегенде канкор болуш керек.

Ал эми Асылбек Жээнбеков учурда өзүнүн депутаттык ишмердүүлүгүн гана так аткарып келатат. Анын кимдир-бирөөлөрдү кызматка коюусуна кийлигишкенин же өзү кайсы бир жаңы жогорку кызматка барганын эч ким көрө элек. «Мунун баары аздык кылып жаткансып эми оппозициянын «оозу менен» «Конституцияга өзгөртүү киргизиш керек» деген «акылдуу чакырык 2, бүгүн 10-апрелде Бишкекте сот системасына арналган тегерек столдун жүрүшүндө айтылды», - деп жазып, анда Э. Байсалов, К. Байболов, А. Мадумаровдордун Конституция тууралуу айткандарын мисалга тартыптыр. Анан мына ушуларды Жээнбековдор айттырып атат деген айып таккысы келет.

Эгерде автордун акыл-эси жайында болуп, маалыматтардан кабардар болгонунда президент С. Жээнбеков парламенттик башкаруу системасы мындан ары дагы бекемделип, улантыла турганын айтканын эстейт эле. Конституцияга кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ооз дагы ача элек. Мындан улам экс-президент А. Атамбаевдин маалыматчылары эмне кылар айласын таппай калганын, ойлору бир ордунда болбогондуктан макаланы да сабаттуу жаза алышпай калганын билип турабыз. Жок дегенде сабаттуу жазгылачы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости