www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Апрель окуясынын сегиз жылдыгынын урматына экс-президент Атамбаевге Жээнбеков жакшы белек узатты. Күтүүсүз жерден Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Абдил Сегизбаев менен орун басары Болот Сүйүнбаев кызматынан кол жууду. Эртең-бүрскүн болсо АШАнын кадрлары катары белгилүү болгон башпрокурор Индира Жолдубаева менен премьер-министр Сапар Исаковдун тагдыры чечилгени турат.

Президент Сооронбай Жээнбековдун башкы прокурор Индира Жолдубаеваны ээлеген кызматынан бошотуу боюнча сунушун кечээ Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК регламенти боюнча комитети карап жактырып, парламенттин кароосуна жөнөттү. Буга чейин, “Ата Мекен” жана “Республика - Ата-Журт" фракциялары Башкы прокуратуранын 2017-жыл ичиндеги жасаган иши боюнча отчетун “канааттандырарлык эмес” деп тапкан. Бул маселени депутаттар бүгүн карайт. Андан соң, депутаттар өкмөттүн жылдык отчетун кароого киришери белгилүү. Коомчулукта “Балапан өкмөт” лакап аткан конгон Сапар Исаковдун келгенден бери эмнени кыйратканы белгисиз. Кечээ ал өзүн “жакшы бала” көрсөтүү амалында ТЭЦтеги авария себептери ЖКда талкууланганда жерге тийгизбей мактап көкөлөткөн “Улуттук энергохолдинг компаниясы" ААКтын башчысы Айбек Калиевди кызматтан алууну тапшырды.

Чындыгын айтуу керек, Айбек Калиевдин бул жерде эч кандай күнөөсү жок экени келесоо кишиге деле белгилүү, себеби, ТЭЦти модернизациялоо шылтоосу менен “делёж” кылгандар абдан чоң даражадагы адамдар болгондуктан, аларды “кой” дегенге духу да жетмек эмес. Тескерисинче, Сапар бала өзү АШАнын тапшырмасын аткарып, былыктарын жаап олтурбайбы? Эми өкмөттүн келечектеги отставкасын айталы. АШАнын акыркы Жээнбековго чабуулунан, Асылбекти “кет” деп айтканынан кийин парламентте кырдаал кескин өзгөрдү.

Жада калса КСДПнын ичиндеги депутаттар да Жээнбековдорго ооп, “АША бизди болушунча колдонуп, кыйнады, эми анын куйруктарынан биротоло кутулалы”,- деп турушат. Бул жагынан алып караганда, депутаттык корпус Сапарды да дароо кызматтан алып түшүүгө жанталашат. Ошондуктан, Сапар түйүнчөгүн түйө берсе болот. Акыркы кадрдык жылыштар Атамбаевди бийликке кийлигишүү “ресурсунан” ажыратты. Эми анысына жинденип, “керек болсо бир күндө аңтар-теңтер кылып коёт” деп АШАнын кошоматчылары жүрүшөт. Жол болсун! Бирок, АШАны колдоп бир адам көчөгө чыгабы?

Булак: "Майдан. kg"

 

Последние новости