www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргыз патриоту Эркин Мамбеталиев Баткендеги чек арачыларга эки жип белек кылды”. Мына ушундай жаңылык айрым маалымат каражаттарына чыкты.

Андагы маалыматтар боюнча, ишкер Эркин Мамбеталиев чек арачылар менен жолугуп, алардын мекен алдындагы жооптуу ишин жогору бааларын, чек арада кез-кези менен кооптуу жагдайлар түзүлүп жаткандыктан, алардын материалдык-техникалык шартын жакшыртуу керектигин айтып, «Шевролет Субурман» үлгүсүндөгү 2 унаасын белекке берген. Чек арачылар бул белекке кубанып, ыраазычылык билдиришкен.

Белгилей кетсек, Эркин Мамбеталиев мурда Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы болуп иштеген. Ошол убакта, тактап айтканда, 2004-жылы ал ИИМдин Кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси Чыныбек Алиевди өлтүргөн деп кармалып, эркинен ажыратылган. 2005-жылы акталып чыгат да, 2006-жылы 8 адамдын өлүмүнө тиешеси бар деп шектелип кайра кармалат. Бирок сотто анын 3 кишини өлтүргөнү далилденип, өмүр бою эркинен ажыратылат. Ал эми Апрель революциясынан кийин “жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу” бул иш кайра каралат да, Мамбеталиев 15 жылга эркинен ажыратылат. Бирок жаза мөөнөтү мунапыс менен кыскартылып, эркиндикке чыккан.

Эркин Мамбеталиевге байланыштуу мындан эки жыл мурун да маалымат чыккан. 2017-жылы милиция кызматкерлери толугу менен тонировка болгон Lexus LX 570 жана чек арачыларга белекке берилгендей Chevrolet Suburban үлгүсүндөгү эки жипти токтотушат. Анын биринде Мамбеталиев болгон. Текшерүү учурунда унаанын ичинен куралдар жана унаанын номерлери чыккан. Ошондой эле, унаалардын бирине жасалма номер тагылган болсо, экинчисинин документи жок болгон. Бирок анда Эркин Мамбеталиев кармалган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости