www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бишкектеги Шанхай кызматташтык уюмунун Саммити дипломатиялык кызматкерлердин кесипкөйлүгү жана кыргызстандыктардын колдоосу менен ийгиликтүү өттү», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-октябрда, Бишкек шаарында 2019-жылдын июнь айында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешине даярдык көрүү жана өткөрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде.

Мамлекет башчысы өткөн ШКУ Саммити өлкөнүн саясий жашоосундагы ири окуя болгонун белгиледи.

Саммитке катышуу үчүн ШКУ өлкөлөрүнүн — Россия, Кытай, Пакистан, Индия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, жана ошондой эле Уюмдун байкоочу өлкөлөрү — Иран, Афганистан, Белоруссия жана Монголиянын лидерлери келгенин эске салды.

«Дүйнөлүк державалардын лидерлери Бишкектен азыркы замандын эң актуалдуу маселелерин талкуулашып, тиешелүү чечимдерди кабыл алышты. Миңдеген массалык маалымат каражаттары Бишкектеги саммиттин жүрүшүн дүйнөлүк телеканалдардан чагылдырышты. Дүйнөлүк коомчулук биздин өлкөдө өткөн ШКУ Саммитин 2019-жылдын эң чоң саясий окуялардын бири катары баалады», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент мындай ири эл аралык иш-чараны өткөрүүдө кыргызстандыктар өз колдоосун көрсөтүшүп, биримдик жана ынтымактын үлгүсүн көрсөтүшкөнүн белгиледи.

«Элдин биримдиги эл аралык маанидеги саясий иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берди. Бардык кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирем», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков ШКУ Саммити ата мекендик дипломатиянын тарыхында маанилүү окуя болгонун баса белгилеп, дипломатиялык кызматкерлердин жогорку кесипкөйлүк сапаттары жана даярдыктарынан улам аны кынтыксыз өткөрүүгө мүмкүн болгонун баса белгиледи.

Мамлекет башчысы ошондой эле куруучулардын, шаардык кызматтардын, ММК өкүлдөрүнүн жана чыгармачыл инсандардын чоң салымын белгилеп өттү.

Бүгүн алардын көпчүлүгү мамлекеттик сыйлыктарды алышты.

Президент аларга бекем ден соолук, бакубатчылык, ийгиликтерди каалады.

Төмөндө сыйлык алгандардын тизмеси берилет.

Эске салсак, Мамлекет башчысы ШКУга мүчө мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынын даярдоого жана өткөрүүгө салым кошкондорду мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө карата кол койгон.

Последние новости