www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Стокгольмдо 8-октябрда Швециянын академиясы физика боюнча быйылкы Нобель сыйлыгын алгандарды атады. Ага ылайык, Жеймс Пиблс “физика космологиясындагы теоретикалык ачылыштар" эмгеги үчүн, Мишель Майор менен Дидие Келоз күн түрүндөгү жылдыздын тегерегинде айланган экзопланетанын ачылышы үчүн ушул сыйлыкка татыды.

Мындан бир күн мурда онкология жаатындагы ачылыштары үчүн медицина боюнча Нобель сыйлыгы америкалык жана британиялык үч илимпозго ыйгарылган. Алар клеткалар кычкылтек тартыш болгон шартта кантип ыңгайлашарын изилдеп чыгышкан.

9-октябрда химия боюнча, ал эми 10-октябрда адабият боюнча былтыркы жана быйылкы жеңүүчүлөр аныкталмакчы. Ал эми жума күнү, 11-октябрда Нобель тынчтык сыйлыгын ким алары айтылат.

Последние новости