www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президенттин кайнилери, күйөө балдары, жансакчылары кыска убакыттын ичинде элдин, мамлекеттин эсебинен эбегейсиз байлыктарга ээ болушкандыгы айтылууда, жазылууда. Бирок биз мында анын Телибайдай жоруктарынан улам да республикабыз жүздөгөн миллион долларлык жоготууларга учурагандыгын айтууну эп көрдүк.

Мындан туптуура эки жыл мурда Алмазбек Атамбаев “РусГидро” менен Жогорку Нарын каскаддарын куруу боюнча келишимди денонсациялагандыгын жарыялап, жакынкы убакыттын ичинде башка инвестор таап, төрт чакан ГЭСтин курулуштарын аягына чыгара тургандыгын убада кылган. Андан бери эки жыл өттү, бирок потенциалдуу инвесторлордон дайын да жок. Сапар Исаков президенттик аппараттын жетекчиси болуп турганда Чехиянын “Лигласс” деген компаниясын таап келди эле, ал ГЭСтерди курмак түгүл офисин ремонттогонго дарамети жок банкроттук абалдагы неме экен, коомчулуктун кысымы менен ал келишим да денонсацияланды. Бирок ал аферадан экс-ажонун Чехиянын кооз жеринен бир “хан сарайга” ээ болгондугу айтылууда. Ал ортодо “РусГидро” алгачкы иштерди аткарууга жумшоого кеткен 37 миллион долларды төлөөнү талап кылууда. Эгерде келишим денонсацияланбаса, “РусГидро” аны бизден талап кыла албайт болчу, ага укуктук негиз болмок эмес. Мүмкүн, азыркы жетекчилик Россиянын жетекчилиги менен тил табышып, ал курулуштарды аягына чыгарууга жетишмек. Бирок, экс-президенттин  алабармандыгынан улам келишим да бузулду, ал аз келгенсип 37 миллион доллар Кыргызстандын мойнуна илинди. “РусГидро” аны сот аркылуу болсо да бизден өндүрүп алат. “РусГидро” кургандар тозуп, дат басып иштен чыгууда. Кыргызстан эки жактан чыгашага учурады.

ЕврАзЭСке кирүүнүн алкагында Казакстан бизге убада кылган 100 миллион доллардан АШАнын расмий түрдө баш тарткандыгы да “дубана таарынчак болсо, ал калтасына эле зыян” дегендей болду. Эгерде аны Казакстан акчалай түрдө берүүнү кечеңдете берсе, Астанага ийилип барып, Элбашынын алдынан өтүп, аны натуралай (мас. буудай, ГСМ, көмүр ж.б.) түрдө өндүргөнгө көндүрсө сөзсүз болмок. Ал буудайларды тегирменге тарттырып, кары-картаңдарга, майыптарга,балдар үйлөрүнө, мектептердин ашканаларына, балдар бакчаларына таркаттырып жиберсе, же ГСМди, жер семирткичтерди дыйкандарга, фермерлерге арзан бааларда берсе, жаман болот беле? Абдан жакшы болот болчу, эл рахматын гана айтмак. Башы менен эмес, “арты” менен ойлонгон АШАнын айынан андай мүмкүнчүлүктөн да ажырадык.

Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтерди курулбаганынан же Казакстандын 100 миллион долларынан баш тарткандан, албетте, ар жылда миллион долларлык хан сарайларды салып жаткан АШАнын кылы да кыйшайбайт деңизчи. Анын Түркияда, Чехияда үйлөрү, оффшордук зоналарда жүздөгөн миллион доллар акчалары бар. Каалаганда ал жакка кетип калып, чехтердин пивосуна икраларды, кызыл балыктарды закүскө кылып, майкөл-сүткөл болуп жашай берет. Мүмкүн, жайнаган “кошелёкторун” да ал жакка ала кетип, өздөрүнчө айыл болуп алышат. Алардын Чехия эмес, Гавай аралдарында жашаганга да акчалары жетет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости